БШК Токмок жана Чүй аймактык шайлоо комиссияларынын курамына жана резервине өзгөртүүлөрдү киргизди

21 апреля 2021

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы 2021-жылдын 21-апрелиндеги отурумунда Токмок жана Чүй аймактык шайлоо комиссияларынын курамына жана резервине төмөнкүдөй өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө чечим кабыл алды.
Чүй облусунун Токмок аймактык шайлоо комиссиясы:

- жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органынын курамынан Сейдакматова Гүлзана Таласбековна, Абдулганиева Сания Каримовна комиссиянын курамынан чыгарылсын;
- резервден комиссиянын курамына Токбаева Элеонора Абдраевна, Буракенова Кулянда Баисовна - жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органынан киргизилсин.

Чүй облусунун Чүй аймактык шайлоо комиссиясы:
- жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органынан Максат Тынайбекович Тынайбековду комиссиянын курамынан чыгаруу;
- жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органынан комиссиянын курамына запастагы Толомушева Айгерим Даирбековна киргизилсин.

Бул чечим Токмок жана Чүй аймактык шайлоо комиссияларынын мүчөлөрүнүн комиссиянын курамынан жана резервден чыгаруу тууралуу арыздарынын негизинде, "Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө" КР мыйзамынын 7-14-18-19-беренелеринин, "Жергиликтүү кеңештерге шайлоо жөнүндө" КР мыйзамынын 21-1-беренесинин 1-бөлүгүнүн 4-пунктуна, КР БШКнын 2019-жылдын 6-декабрындагы №176 токтому менен бекитилген "Шайлоо комиссияларынын резервин түзүү жана алып баруунун тартиби жөнүндө" жобого ылайык кабыл алынды.

КР БШК Маалымат бөлүмү