Өткөрүү датасы: 21 апрель 2021-ж.
Убактысы: 11:00
Өткөрүлүүчү жери: отурумдар залы
1. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты К. М. Жумалиевтин ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу жөнүндө
(баяндамачы – Т.О. Айтикеев, шайлоолорду уюштуруу боюнча бөлүмдүн башчысы)
2. Токмок жана Чүй аймактык шайлоо комиссияларынын курамдарына жана резервдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө
(баяндамачы – Т.О. Айтикеев, шайлоолорду уюштуруу боюнча бөлүмдүн башчысы)
3. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутатынын бош калган мандатын өткөрүп берүү жөнүндө
(баяндамачы – Т.О. Айтикеев, шайлоолорду уюштуруу боюнча бөлүмдүн башчысы)
4. А.Т. Карымшаковдун арызы жөнүндө
(баяндамачы – Кутбердиева М.М., Шайлоочулардын жана шайлоо процессинин башка субъекттеринин арыздарын жана даттанууларын кароо боюнча жумушчу топтун мүчөсү)
5. Ысык-Көл облусунун Ак-Суу районунун Кара-Жаз айылдык кеңешинин Боз-Булун айылынын жашоочуларынын кайрылуусу жөнүндө
(баяндамачы – Кутбердиева М.М., Шайлоочулардын жана шайлоо процессинин башка субъекттеринин арыздарын жана даттанууларын кароо боюнча жумушчу топтун мүчөсү)
6. Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районунун Кабак айылында жашаган Жети-Өгүз айылдык кеңешинин №3 шайлоо округунун депутаттыгына талапкерлер Б. Асанов, А. Бегалиев ж.б. даттануусу жөнүндө
(баяндамачы – Кутбердиева М.М., Шайлоочулардын жана шайлоо процессинин башка субъекттеринин арыздарын жана даттанууларын кароо боюнча жумушчу топтун мүчөсү)
7. Ар кандай маселелер