КР БШК төрагасынын орун басары А.Бекматов Өзбекстан Республикасынын БШК делегациясы менен жолукту

12 апреля 2021

Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар 2021-жылдын 11-апрелинде өткөн жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоонун жана «Кыргыз Республикасынын Конституциясы жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоору боюнча референдумдун жыйынтыктарын талкуулашты.

Кыргызстандын БШК төрагасынын орун басары А.Бекматов өткөн шайлоодо жана референдумда эл аралык байкоого катышкандыгы үчүн өзбек кесиптештерине ыраазычылык билдирди жана учурда аймактык шайлоо комиссиялары участоктук шайлоо комиссияларынын протоколдорун иштеп чыгып жатканы жөнүндө маалымат берди. Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген мөөнөттөрдө БШК жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жана референдум боюнча тиешелүү чечимдерди чыгарат.

Өзбекстандын БШК төрагасынын орун басары Б.Кучкаров төмөн турган шайлоо комиссияларынын жогорку даярдыгын жана кесипкөй ишин белгилеп, шайлоонун жана референдумдун ийгиликтүү өткөрүлгөндүгү менен куттуктады. Өзбекстан Республикасынын БШК өкүлдөрү төмөн турган шайлоо комиссияларынын дараметин жогорулатууда, Калктын бирдиктүү мамлекеттик реестринин негизинде шайлоочулардын тизмесин түзүүдө, ошондой эле шайлоо процессинде алдыңкы технологияларды пайдаланууда Кыргыз Республикасынын БШКсынын тажрыйбасын үйрөнүүгө кызыккандыгын билдиришти.

Өзбекстан Республикасынын БШК мүчөсү О.Козихонова өткөн шайлоого аялдардын жигердүү катышуусуна жана айылдык кеңештерде аялдар үчүн орундардын 30%ын квотасын колдонууга оң баа берди. “Бул чара Кыргызстандын гүлдөп-өнүгүшүнө өбөлгө түзөт деп эсептейм”, - деди О.Козихонова.

Өзбекстан Республикасынын БШК мүчөсү С.Курбанкулов шайлоо процессинин катышуучуларына маалымдоо боюнча көрүлгөн чараларга жогору баа берди. “Шайлоо процессинин бардык катышуучуларына иштөө үчүн тиешелүү шарттар камсыздалган. Кыргызстандын эли өлкөнүн жаркын келечегине үмүт кылуу менен абдан маанилүү тандоо жасап, референдумга катышты”.

Кыргызстандын БШКсы Өзбекстандын БШКсы менен достук жана кошуналык жакшы мамилелерди, ошондой эле түзүлгөн тыкыс кызматташууну жогору баалайт.

Жолугушуунун соңунда тараптар бири бирине ийгиликтерди жана бакубатчылыкты каалап, эки өлкөнүн гүлдөп-өнүгүшү үчүн БШКлардын ортосунда мындан ары дагы жемиштүү кызматташууга ишенгендиктерин билдиришти.

 

КР БШК аппаратынын маалымат бөлүмү