Кыргызстан менен Россиянын борбордук шайлоо органдары 2021-жылдын 11-апрелинде өткөн жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоодо жана «Кыргыз Республикасынын Конституциясы жөнүндө» КР Мыйзам долбоору боюнча референдумда байкоо жүргүзүүнүн жыйынтыктарын

12 апреля 2021

2021-жылдын 12-апрелинде өткөн жолугушуунун жүрүшүндө БШК төрагасынын орун басары А.Бекматов Россиянын БШК өкүлдөрүнө өнөктүккө эл аралык байкоочу катары катышканы үчүн ыраазычылык билдирди, ошондой эле аймактык шайлоо комиссиялары 2021-жылдын 11-апрелинде өткөн шайлоонун жана референдумдун жыйынтыгын чыгарары, анын негизинде КР БШК тиешелүү чечим чыгарары жөнүндө маалымат берди.

Россиянын БШК мүчөсү А.Лопатин шайлоо жана референдум мыйзамдарга жана Кыргыз Республикасы кабыл алган эл аралык милдеттенмелерге ылайык өткөрүлдү деген эл аралык байкоо жүргүзүү миссияларынын пикирине кошуларын белгиледи. “Биз шайлоо участокторунун ачылышына жана жабылышына катыштык, добуш берүүнүн жүрүшүнө байкоо жүргүздүк, кандайдыр бир бузууларды тапкан жокпуз. Добуш берүү процессинде келип чыккан ар кандай техникалык милдеттер ыкчам чечилип, добуш берүүнүн жүрүшүнө жана жыйынтыгына таасир эткен жок”, - деди ал.

Кыргызстандын борбордук шайлоо комиссиясы Россия Федерациясынын БШКсы менен тузүлгөн натыйжалуу кызматташууну жана достук мамилелерди баалайт. А.Бекматов Россиянын БШКсына жана жеке анын төрагасы Э.Памфиловага Россия Федерациясында жашаган Кыргыз Республикасынын жарандарынын шайлоо укуктарын ишке ашырууга натыйжалуу көмөктөшкөндүгү үчүн дагы ыраазычылык билдирди. 2021-жылы 10-январда өткөрүлгөн Президентти мѳѳнѳтүнѳн мурда шайлоонун жана 2021-жылдын 11-апрелиндеги референдумдун жүрүшүндө Россиянын аймагында 15 шайлоо участогу, анын ичинде 5өө Москвада ачылды.

Шайлоо процессинде маалыматтык технологияларды пайдаланууну өркүндөтүү максатында А.Бекматов Россия Федерациясынын БШКсынын тажрыйбасын үйрөнүүгө кызыккандыгын билдирди. Тараптар эки өлкөнүн шайлоо процессинде техникалык жактан жабдууну жакшыртууда тажрыйба алмашууну пландоону белгилешти.

 

КР БШК аппаратынын маалымат бөлүмү