Саат 18.00гө карата жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоого жана референдумга шайлоочулардын катышуусу

11 апреля 2021

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы жергиликтүү кеңештин депутаттарын шайлоодо жана референдумда саат 18.00гө карата добуш берүүнүн жүрүшү жөнүндө маалымдайт.

Кыргыз Республикасынын жергиликтүү кеңештеринин депутаттарын шайлоо үчүн:

Добуш берүүгө жалпы шайлоочулардын саны - 1 024 891 шайлоочу же 30,89%. Алардан:

Шааркеңешке шайлоого - 303 176 шайлоочу же 29,89%.

Айылдык кеңешке шайлоого - 721 715 шайлоочу же 31,81%.

 Кыргыз Республикасынын референдумунда:

Жалпы добуш берүүгө 1 061 591 катышуучу же 29,44% катышты. Алардан:

Бишкек шаары - референдумдун 102 258 катышуучусу же 24,30%,

Ош шаары - 58 138 референдумдун катышуучусу же 38,26%,

Жалал-Абад облусу - 218 847 референдумдун катышуучусу же 32,52%,

Ысык-Көл облусу - 90 611 референдумдун катышуучусу же 29,15%,

Нарын облусу - 70 396 референдумдун катышуучусу же 34,47%,

Ош облусу - 226 553 референдумдун катышуучусу же 31.03%,

Талас облусу - 226 553 референдумдун катышуучусу же 34,62%,

Чүй облусу - 153 697 референдумдун катышуучусу же 25,75%,

Баткен облусу - 83 454 референдумдун катышуучусу же 27,77%,

Чет өлкөлөрдө 2411 адам (4,11%) добуш берди.

КР БШК Маалымат бөлүмү