Добуш берүү башталгандан бери БШКга 25 билдирүү келип түштү
11 апреля 2021
2021-жылдын 11-апрелинде, күндүн башынан бери БШКнын Ыкчам аракет кылуу боюнча координациялык тобуна 25 билдирүү келип түштү. Бул тууралуу Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын мүчөсү Тынчтык Шайназаров бүгүн брифингде билдирди.
Буга чейин 12 билдирүү иштелип чыккан. Кабарланган он үч мыйзам бузуу боюнча иш-аракеттер дагы деле болсо улантылып, чара көрүлөт. БШК алар жөнүндө кийинчерээк маалымат берүүнү убада кылды.
«Шайлоочуларга пара берген Оштогу партиялардын биринин талапкерлери камакка алынган видео боюнча, бул факт EРППде катталган. Учурда жеринде ыкчам аракеттер жүрүп жатат. Бишкекте №1054-участокто таштанды челектен бюллетендер табылды. Бул факт боюнча тергөө жүрүп жатат. Бардык мыйзам бузуулар кылдаттык менен каралат», - деди Т. Шайназаров.
КР БШК Маалымат бөлүмү
