Шайлоо участокторундагы коопсуздукту 11 миң тартип сакчысы камсыз кылат
11 апреля 2021
Шайлоо процессинин коопсуздугун атайын даярдыктан өткөн 11 миңден ашуун укук коргоо кызматкерлери камсыз кылат. Андан тышкары, ар бир шаарда жана райондо аймактык шайлоо комиссияларынын жана укук коргоо органдарынын өкүлдөрүнөн турган ыкчам аракет кылуучу координациялык топтор түзүлүп, алар кырдаалды көзөмөлдөп турушат жана зарылчылык болсо, мүмкүн болгон мыйзам бузууларга тезинен чара көрүү үчүн бардык чараларды көрүшөт.
Мындан тышкары, БШК санитардык-эпидемиологиялык коопсуздукту камсыз кылуу боюнча чараларды көрдү. Шайлоо участкалары үзгүлтүксүз желдетилип, дезинфекцияланып турат, ошондой эле шайлоочулар бир кире бериштен кирип, экинчиси аркылуу чыгып кете тургандай уюштурулган. Шайлоочулардын кире бериште температурасы өлчөнүп, колдору дезинфекцияланат. Мындан тышкары, шайлоо участоктору бир жолу колдонулуучу маскалар менен жабдылган жана зарылчылык болсо, шайлоочулар аларды ала алышат. Участкалык шайлоо комиссияларынын бардык мүчөлөрү, ошондой эле шайлоочуларды биометрикалык идентификациялоо операторлору жана автоматтык түрдө эсептөөчү урналардын операторлору медициналык бет кап жана кол кап кийишет.
Борбордук шайлоо комиссиясынын 1255 номериндеги бекер ишеним телефону иштей тургандыгын эсиңизге салабыз, ал аркылуу шайлоо жараянынын бардык субъектилери, айрыкча шайлоочулар шайлоо процесси жөнүндө ар тараптуу маалымат ала алышат, ошондой эле алардын укуктары бузулгандыгы жөнүндө билдире алышат.
КР БШК Маалымат бөлүмү
