БШКда Түрк тилдүү мамлекеттердин кызматташтыгынын кеңешинин миссиясы менен жолугушуу болуп өттү
09 апреля 2021
Бүгүн – 2021-жылы 9-апрелде Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын Төрагасы Н. Шайлдабекованын Түрк тилдүү мамлекеттердин кызматташтыгынын кеңешинин (ТМКК) Башкы катчысынын орун басары Омера Кожаман башында турган ТМКК эл аралык байкоочулар миссиясы менен жолугушуусу болуп өттү.
Тараптар 2021-жылы 10-январда өткөн Кыргыз Республикасынын Президентин мөөнөтүнөн мурда шайлоого байланыштуу пикир алышты, 2021-жылдын 11-апрелине дайындалган жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоодо жана референдумда добуш берүүнү даярдоо маселелерин талкуулашты.
КР БШК Төрагасы Н. Шайлдабекова шайлоо комиссиялары менен укук коргоо органдарынын өз ара аракеттешүүсүнүн жаңы алгоритмин түзүү, мыйзамдар базасын өркүндөтүү, үч кодекске бузуулардын жаңы курамдарын киргизүү жөнүндө маалымат берди. Аткарылган иштердин натыйжасында коомдо добуш сатып алууга терс мамиле калыптанды, жарандардын өз добушун сатпоо эрки, талапкерлерде андай ыкмалар менен шайлоочулардын ишенимине ээ болуудан баш тартуу көз карашы бекемделди.
Миссиянын байкоочусу, Азербайжан Республикасынын БШК мүчөсү Аскеров Бахшейн Маммад шайлоо процессин өркүндөтүү боюнча КР БШКнын күч-аракеттерине оң баа берди. “Кыргызстан бүгүн – бул Азиянын Европасы. Январда шайлоо кандай өткөрүлсө, ал мындан ары дагы мыйзамга ылайык өткөрүлөрүнө ишенемин”, - деп белгиледи ал.
Миссиянын байкоочусу, Өзбекстан Республикасынын БШК өкүлү Шухрат Джураев дагы Кыргызстандын чыңдалышы кошуна өлкөлөр үчүн маанилүү экендигин белгилеп, шайлоо өлкөнүн туруктуулугуна кызмат кыларына ишенерин билдирди.
КР БШК аппаратынын маалымат бөлүмү
