БШК Жалал-Абад шаардык кеңештин кээ бир депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотту
07 апреля 2021
Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы 2021-жылдын 7-апрелиндеги жыйналышында жергиликтүү кеңештин кээ бир депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу жана саясий партиялардын катталган тизмесиндеги шайланган депутаттардан кийинки талапкерлерге өткөрүп берүү жөнүндө Жалал-Абад аймактык шайлоо комиссиясынын чечимдерин бекитүү жөнүндө токтом кылды.
Жалал-Абад аймактык шайлоо комиссиясы “Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын мыйзамынын 20-беренесине, “Жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын статусу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын мыйзамынын 3-беренесине жана “Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын мыйзамынын 52-беренесине ылайык төмөнкүдөй чечим кабыл алган:
Жалал-Абад шаардык кеңеш:
-
Ашимов Улан Абдуманаповичтин (№7, «Ɵнүгүү-Прогресс» деп. фракция) ыйгарым укуктары өз арызынын негизинде токтотулду. Мандат Карылар үйүндө директордун орун басары Исраилов Нурали Шералиевичке (№32, «Ɵнүгүү-Прогресс» с/п) өткөрүп берилди.
-
Сыдыков Аслидин Махаматюсуповичтин (№13, «Ɵнүгүү-Прогресс» деп. фракция) ыйгарым укуктары өз арызынын негизинде токтотулду. Мандат “Арстанбап” ЖЧК директору Бегимкулов Мурат Эркиновичке (№35, «Ɵнүгүү-Прогресс» с/п) өткөрүп берилди.
-
Пулатов Саиб Сабировичтин (№17, «Ɵнүгүү-Прогресс» деп. фракция) ыйгарым укуктары өз арызынын негизинде токтотулду. Мандат жеке ишкер Тойгонбаев Султанбек Кутманбековичке (№40, «Ɵнүгүү-Прогресс» с/п) өткөрүп берилди.
-
Батыров Бабур Исраиловичтин (№4, «Республика» деп. фракция) ыйгарым укуктары өз арызынын негизинде токтотулду. Мандат жеке ишкер Наркулов Арстанбек Оросбековичке (№8, «Республика» с/п) өткөрүп берилди.
БШК чечимди «Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 6, 7, 14, 18-беренелерине, «Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 52-беренесине жана «Жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын статусу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 3-беренесине ылайык кабыл алды.
БШК аппаратынын маалымат бөлүмү
