КР БШКнын отурумунун 2021-жылдын 6-апрелине күн тартибинин долбоору
06 апреля 2021
Өткөрүү датасы: 6-апрель 2021-ж.
Убактысы:14.00
Өткөрүлүүчү жери: отурумдар залы
1.2021-жылдын 31-мартында өткөрүлгөн Талас облусунун Кара-Буура районунун Бакыян айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоодогу добуш берүүнүн жыйынтыгы жана шайлоонун натыйжасы тууралуу протоколдорду бекитүү жөнүндө
(баяндамачы –Айтикеев Т.О., шайлоолорду уюштуруу боюнча бөлүмдүн башчысы)
2. Алай, Кара-Кулжа, Өзгөн, Ноокат, Ат-Башы, Нарын, Нарын шаардык жана Ысык-Көл аймактык шайлоо комиссияларынын курамдарына жана резервдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө
(баяндамачы –Айтикеев Т.О., шайлоолорду уюштуруу боюнча бөлүмдүн башчысы)
3. 2021-жылдын 11-апрелине дайындалган Кыргыз Республикасынын жергиликтүү кеңештеринин депутаттарын шайлоодо жана "Кыргыз Республикасынын Конституциясы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору боюнча референдумда (жалпы элдик добуш берүүдө) эл аралык байкоочуларды аккредитациялоо жөнүндө
(баяндамачы – Уметалиев А.Т., эл аралык кызматташтык бөлүмүнүн башчысы)
4. “Каршы” үгүт тобунун жетекчиси Р. Карасартованын КТРКга карата арызы жөнүндө
(баяндамачы – Абдысатаров Т.З., Шайлоочуларды жана шайлоо процессинин башка субъекттерин маалымдоо маселелери жана үгүт эрежелери боюнча жумушчу топтун мүчөсү)
5. “Каршы” үгүт тобунун жетекчиси Р. Карасартованын КТРКга жана Биринчи радиого карата арызы жөнүндө
(баяндамачы – Абдысатаров Т.З., Шайлоочуларды жана шайлоо процессинин башка субъекттерин маалымдоо маселелери жана үгүт эрежелери боюнча жумушчу топтун мүчөсү)
6. “Каршы” үгүт тобунун жетекчиси Р. Карасартованын КТРКга жана ЭЛТРге карата арызы жөнүндө
(баяндамачы – Абдысатаров Т.З., Шайлоочуларды жана шайлоо процессинин башка субъекттерин маалымдоо маселелери жана үгүт эрежелери боюнча жумушчу топтун мүчөсү)
7. Ар кандай маселелер
