Борбордо БШК депутаттарын шайлоо боюнча штабдын жыйналышы өттү
02 апреля 2021
Борбордун мэриясында Бишкек аймактык шайлоо комиссиясына (БАШК) жана участоктук шайлоо комиссияларына (УШК) көмөктөшүү боюнча шаардык штабдын кезектеги жыйналышы өттү.
Жыйналышка борбордун мэринин м.а. Бактыбек Кудайбергенов, БАШК төрагасы Кайрат Маматов, акимдер жана шаардык кызматтардын, түзүмдүк бөлүмчөлөрдүн жетекчилери катышты.
2021-жылдын 11-апрелине белгиленген БАШК депутаттарын шайлоону жана «Кыргыз Республикасынын Конституциясы жөнүндө» КР мыйзам долбоору боюнча референдумду даярдоодо жана өткөрүүдө материалдык-техникалык жактан камсыздоонун уюштуруу маселелери талкууланды.
Жергиликтүү бюджеттен толук же жарым-жартылай акы жана/же үстөк акы алган бардык адамдар (квартал башчылары, үй комитеттеринин төрагалары, мектептердин жана мектепке чейинки билим берүү уюмдарынын жетекчилери, муниципалдык мекеме, ишканалардын кызматкерлери ж.б.) шайлоо жана үгүт процесстерине катышууга жана кийлигишүүгө жол берилбестиги тууралуу эскертүү алышты.
Борбордун 4 районунда райондук штабдар жана 228 шайлоо участоктору түзүлдү: Ленин районунда – 62, Октябрь районунда – 59, Биринчи май районунда – 49, Свердлов районунда – 58.
Райондордун акимиат башчыларына УШКларды керектүү эмеректер, уюштуруу техникасы, генераторлор ж.б. зарыл каражаттар менен камсыздоо тапшырылды.
Социалдык маселелер боюнча вице-мэр А.Чыныбаевага ар бир участокто жарандардын санитардык-эпидемиологиялык коопсуздугун камсыздоо тапшырылды.
Райондордун акимиаттарынын базасында шайлоо боюнча колл-борборлор түзүлдү.
Урматтуу шаар тургундары, акимиаттардын, муниципалдык аймактык башкармаларынын кызматкерлеринин, жалпы билим берүү уюмдарынын жетекчилеринин шайлоо процессине кийлигишүүсүнө күбө болуп калсаңыз, бизге билдирүүңүздөрдү суранабыз. Кайрылуулар эртең мененки саат 9дан кечки саат 18ге чейин кабыл алынат.
-
Ленин району: 0(312) 88-74-31, ошондой эле фото жана видео материалдарды (0702) 927288 номуру боюнча WhatsAppка жөнөтүүгө болот;
-
Биринчи май району: 0(312) 62-12-23, 0(312) 32-50-92, ошондой эле фото жана видео материалдарды (0999) 312666 номуру боюнча WhatsAppка жөнөтүүгө болот;
-
Октябрь району: 0(312) 57-94-40; 57-63-80, ошондой эле фото жана видео материалдарды (0772) 408412 номуру боюнча WhatsAppка жөнөтүүгө болот;
-
Свердлов району: 0(312) 43-38-63, ошондой эле фото жана видео материалдарды (0706) 680544 номуру боюнча WhatsAppка жөнөтүүгө болот.
КР БШКнын түз байланыш телефондору: 1255, 0(312) 660240.
КР БШК аппаратынын маалымат бөлүмү
