Бишкек АШКсы №254 - кичи автобуста референдумду колдогон үгүттөө баракчасы жайгаштырылгандыгы жөнүндө маалымдайт

02 апреля 2021

Буга чейин “24.kg” маалымат агенттигинде “Кичи автобустарда референдумду колдогон жазуулар пайда болду. Мыйзамдуулугу текшерилет” аталышында макала жарыяланган. Бул макалада №254 маршруттук таксинин капталдарында Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясынын логотиби жана “Биз конституциялык референдумду колдойбуз!” деген жазуусу бар баракчалар илингени айтылат. Бул факт боюнча Бишкек АШКсы тиешелүү чаралар көрүлүп, анын жүрүшүндө референдумду колдогон баракчалар ээлеринин макулдугусуз белгисиз адамдар тарабынан №254 - маршруттук таксилерге жайгаштырылгандыгы аныкталгандыгын маалымдайт. Аталган баракчаларды таксист табылгандан кийин алып салган.
Бул материалдардын КР БШКга эч кандай тиешеси жок.