КР БШК жергиликтүү кеңештердин депутаттыгына талапкерлерге дебат өткөрүүдө шайлоо мыйзамдарынын ченемдерин сактоону сунуш кылат

02 апреля 2021

КР БШК эске салат: дебаттарды жана үгүт иш-чараларын өткөрүүдө мыйзамдарда маалыматтуулукту камсыздоо эрежелери каралган.

Бөлүнгөн эфир убактысынын жалпы көлөмүнүн кеминде жарымы талапкерлерге, талапкерлердин тизмесин көрсөткөн саясий партияларга дебаттарды жана башка ушундай үгүт иш-чараларын биргелешип өткөрүү үчүн гана каралат. Акысыз эфир убактысынын ушул үлүшүн пайдаланууга бардык талапкерлерге, саясий партияларга бирдей негиздерде жол берилүүгө тийиш.

Мындан тышкары, “Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 28-беренесинин 6-бөлүгүнө ылайык “катталган талапкер, талапкерлердин тизмесин көрсөткөн саясий партия үгүт үчүн берилген телеберүүнү жүргүзгөн уюмдардын каналдарында аларга үгүт материалдарын жайгаштыруу үчүн берилген эфирдик убакытты, басылма продукцияларды, аянттарды төмөнкү максаттарда колдонууга укугу жок:

1) талапкерге (талапкерлерге), саясий партияга каршы добуш берүүгө чакырыктарды таратууга;

2) бул же тигил талапкер, саясий партиянын талапкерлеринин тизмеси шайланган учурда мүмкүн болуучу терс кесепеттерди сүрөттөөгө;

3) кайсы-бир талапкер (кайсы-бир талапкерлер), катталган талапкерди көрсөткөн саясий партия жөнүндө маалыматтар терс баяндамалар менен ачык эле басымдуулук кылган маалыматты таратууга;

4) талапкерге, катталган талапкерди көрсөткөн саясий партияга карата шайлоочулардын терс мамилесин түзүүгө өбөлгө болгон маалыматты таратууга”.

2021-жылдын 2-апрелинен тартып Кыргыз Республикасынын шаардык кеңештеринин депутаттарын шайлоого өз талапкерлеринин тизмесин каттоодон өткөргөн саясий партиялардын арасында дебаттар өткөрүлө баштайт.

КР БШК аппаратынын маалымат бөлүмү