БШК Жогорку Кеңештин депутатынын бош мандатын Рысбаев Равшанбек Рысбаевичке тапшырды
01 апреля 2021
Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы Жогорку Кеңештин депутатынын бош мандаты болгондуктан, Рысбаев Равшанбек Рысбаевичти Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты катары таануу токтомун чыгарды.
БШК токтому менен Рысбаев Равшанбек Рысбаевич Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеӊешинин депутаты болуп катталып ага күбөлүк жана төш белги берилди.
Чечим «Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 21-беренесинин 11-бөлүгүнө, 65-беренесинин 3, 4-1 бөлүктөрүнө, «Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 7, 18-беренелерине ылайык кабыл алынды.
КР БШК Маалыматтык бөлүмү
