№1 «макул» үгүт тобунда каржы маселелери боюнча жаңы ыйгарым укуктуу өкүл катталды
01 апреля 2021
Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы 2021-жылдын 8-апрелиндеги жыйналышында КР БШКнын 2021-жылдын 18-мартындагы № 36 чечими менен катталган №1 «макул» үгүт тобунун каржы маселелери боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Эдигеев Джанат Асылбековичти каттоону жокко чыгаруу жана ага берилген күбөлүктү жараксыз деп таануу жөнүндө чечим кылды.
КР БШК Тологонов Данияр Нурдиновичти 2021-жылдын 11-апрелине дайындалган референдумга (бүткүл элдик добуш берүүгө) катталган №1 «макул» үгүт тобунун каржы маселелери боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү катары каттады.
Чечим Кыргыз Республикасынын референдумундагы үгүт топторун каттоо жөнүндө арыздарды кабыл алуу жана текшерүү боюнча жумушчу топтун чечимин эске алып, «Кыргыз Республикасынын референдуму жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 23-беренесине, «Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 3, 7, 18-беренелерине ылайык кабыл алынды.
КР БШК аппаратынын маалымат бөлүмү
