БШК референдумда үгүт ишине катышуу үчүн ЖМКларды жана интернет-басылмаларын аккредитациядан өткөрдү

01 апреля 2021

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы 2021-жылдын 1-апрелиндеги жыйналышында 2021-жылдын 11-апрелине дайындалган «Кыргыз Республикасынын Конституциясы жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору боюнча референдумга (бүткүл элдик добуш берүүгѳ) үгүт ишине катышуу үчүн 7 жалпыга маалымдоо каражатын жана интернет-басылманы аккредитациялоо жөнүндө токтом кылды:

- 7 (жети) жалпыга маалымдоо каражаттары;

- 2 (эки) интернет басылмалар.  

 Телевидение

ЖМК аталышы

1

Коомдук телерадиоберүү корпорациясы 

Телеканал: «ОТРК/КТРК»

2

Коомдук телерадиоберүү корпорациясы

Телеканал: «Ала-Тоо 24»

                                             Радио

ЖМК аталышы

3

ОсОО «Радиокомпания «Европа»

Радиостанция  «Ретро ФМ»

4

ОсОО «Радиокомпания «Европа»

Радиостанция: «Европа плюс Кыргызстан»

5

ОсОО «Радиокомпания «Европа»

Радиостанция:

«Кыргызстан Обондору»

6

ОсОО «Радиокомпания «Европа»

Радиостанция:

«Суйунчу ФМ»

7

Коомдук телерадиоберүү корпорациясы

Радиостанция: «Биринчи радио»

                                   Интернет басылмалар

Наименование интернет-изданий

8

ОсОО «Агентство коммерческой информации «Кыргызстан»

Интернет басылма: «АКИpress»

www.akipress.org 

9

ОсОО «Информационное агентство «24.kg»

Интернет басылма: www.24.kg

Токтом «Кыргыз Республикасынын Конституциясы жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору боюнча референдумунда (бүткүл элдик добуш берүүдѳ) жалпыга маалымдоо каражаттарын жана интернет-басылмаларды аккредитациялоо тууралуу шайлоочуларды жана шайлоо процессинин башка субъекттерин маалымдоо маселелери жана үгүт эрежелери боюнча Жумушчу топтун сунушун эске алып, «Кыргыз Республикасынын референдуму жѳнүндѳ» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 20, 25, 26-беренелерине, «Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 7-беренесинин 1-бөлүгүнүн 2, 21-пункттарына жана 18-беренесине ылайык кабыл алынды.

КР БШК Маалыматтык бөлүмү