БШК КР ЖК депутаты Бакиров Мирландын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотту

01 апреля 2021

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы 2021-жылдын 1-апрелиндеги өз жыйналышында «Өнүгүү-Прогресс» парламенттик фракциясынан Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты Бакиров Мирлан Исабековичтин ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотту.

«Өнүгүү-Прогресс» парламенттик фракциясынан Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты Бакиров Мирлан Исабековичтин Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин 2021-жылдын 30-мартындагы №304 буйругу менен Кыргыз Республикасынын Экономика жана финансы министрлигине караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча фонддун төрагасы болуп дайындалган.

КР БШК депутаттык ыйгарым укуктарды аткарууга айкалышпаган ишке өтүүсүнө байланыштуу, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 73-беренесинин 3-бөлүгүнүн 3-пунктуна, «Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 65-беренесинин 4-бөлүгүнүн 6-пунктуна, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутатынын статусу жөнүндө», Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 3-беренесинин 1-бөлүгүнүн  3-пунктуна, 2-бөлүгүнө ылайык М. Бакировдун ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотту.

Жогорку Кеңештин депутаты Бакиров Мирлан Исабековичтин  күбөлүгү анык эмес деп табылды.

КР БШК Маалыматтык бөлүмү