«Бешим» коомдук фонду жергиликтүү кеңештердеги шайлоолорго байкоо жүргүзөт
29 марта 2021
Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиясы 2021-жылдын 29-мартындагы отурумунда КР БШКга 2021-жылдын 11-апрелине дайындалган жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоону даярдоо жана өткөрүү мезгилинде байкоо жүргүзүү ниети тууралуу «Бешим» коомдук фондунан келип түшкөн билдирүүнү эске алды.
Аймактык жана участкалык шайлоо комиссияларына коммерциялык эмес уюмдун коомдук байкоочуларын мыйзамда белгиленген тартипте каттоо жана аларга белгиленген формадагы күбөлүктөрдү берүү боюнча тиешелүү чараларды көрүү тапшырылды.
Чечим «Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 8-1-беренесин, «Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 7, 18-беренелерин, 2021-жылдын 8-февралындагы Кыргыз Республикасынын Президентинин «Кыргыз Республикасынын жергиликтүү кеңештеринин депутаттарын шайлоону дайындоо жөнүндө» ПЖ № 21 Жарлыгын, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2017-жылдын 11-июлундагы № 226 токтому менен бекитилген «Кыргыз Республикасынын Президентин, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын, жергиликтүү кеңештеринин депутаттарын шайлоодо жана Кыргыз Республикасынын референдумун өткөрүүдө коомдук байкоочуларды каттоонун тартиби жөнүндө» Жобону жетекчиликке алып, «Бешим» коомдук фондунун билдирүүсүнүн негизинде кабыл алынды.
КР БШК Маалыматтык бөлүмү
