БШК Москва аймактык шайлоо комиссиясынын курамына жана резервине өзгөртүүлөрдү киргизди

29 марта 2021

КР Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы 2021-жылдын 29-мартындагы жыйынында Чуй облусунун Москва аймактык шайлоо комиссиясынын курамына жана резервине төмөнкүдөй өзгөртүүлөрдү киргизүү боюнча токтом кабыл алды:

-жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органынан көрсөтүлгөн Усенбаев Марат Бекболотович, Акматбеков Максат Турусбекович, Эсеналиев Тилек Эмильевич жана Саралаев Бейшенбек Аланбаевич комиссиянын курамынан чыгарылсын;

-жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органынан көрсөтүлгөн Вишнивецкий Игорь Вальеревич, Айдыралиев Айбек Мамбетович, Джаилов Аскарбек Сатаевич, Ешалиева Назгуль Жолдошбековна резервден комиссиянын курамына киргизилсин.

Чечим Москва аймактык шайлоо комиссиясынын  мүчөлөрү М. Б. Усенбаев, М. Т. Акматбеков, Т.Э. Эсеналиев жана Б. А. Саралаев Москва аймактык шайлоо комиссиясынын курамынан чыгаруу жөнүндө арызынын негизинде, “Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 7, 18, 19-беренелерине, “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 21-1-беренесинин 1-бөлүгүнүн 4-пунктуна, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2011-жылдын 18-октябрындагы № 375 токтому менен бекитилген “Шайлоо комиссияларынын резервин түзүү жана жүргүзүү тартиби жөнүндө” Жобосуна ылайык кабыл алынды.

КР БШК Маалыматтык бөлүмү