Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча Бишкек аймактык шайлоо комиссиясынын Бишкек шаардык кеңешинин депутаттарын шайлоого катышуучу саясий партияларга, ошондой эле жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына кайрылуусу

29 марта 2021

Бишкек шаардык кеңештин депутаттыгына айрым талапкерлерге жана Бишкек шаардык мэриясынын кээ бир кызмат адамдарына карата козголгон жазык иштери боюнча акыркы билдирүүлөргө байланыштуу Бишкек аймактык шайлоо комиссиясы “Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 22-28-беренелеринин сактоого силердин көңүлүңөрдү бурат.

Ага кошумча, “Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 17-1-беренесине ылайык мамлекеттик жана муниципалдык кызмат орундарын, ошондой эле мамлекеттик, муниципалдык ишканалардын, мекемелердин, мамлекеттик (муниципалдык) катышуу үлүшү 30 пайыздан ашкан ишканалардын жана алардын бөлүмдөрүнүн жетекчилеринин кызмат орундарын ээлеген талапкерлер кызмат ордунун же кызматтык абалынын артыкчылыгын же администрациялык ресурстун башка түрлөрүн пайдаланууга укуксуз.

Талапкер болуп эсептелбеген жана мамлекеттик жана муниципалдык кызмат орундарын, ошондой эле мамлекеттик, муниципалдык ишканалардын, мекемелердин, мамлекеттик (муниципалдык) катышуунун үлүшү 30 пайыздан ашкан ишканалардын жана алардын бөлүмдөрүнүн жетекчилеринин кызмат орундарын ээлеген адамдар талапкерди көрсөтүү же шайлоо максатында кызмат ордунун же кызматтык абалынын артыкчылыгын же администрациялык ресурстун башка түрлөрүн пайдаланууга укуксуз.

Ушул берененин талаптарын бузган адамдар мыйзамдарда каралган жазыктык же башка жоопкерчиликти тартат.

Жогоруда баяндалгандын негизинде, Бишкек аймактык шайлоо комиссиясы Бишкек шаардык кеңешинин депутаттарын шайлоого катышуучу саясий партиялардан жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынан мыйзамдарда каралган жоопкерчиликке тартууга алып келүүчү аракеттерге жол бербөөнү көптөн-көп өтүнөт.

Бишкек аймактык шайлоо комиссиясы