Бишкек АШК ЫЧКТнын 2021-жылдын 25-мартына карата маалыматы

29 марта 2021

Бишкек шаардык кеңештин депутаттарын шайлоону даярдоо жана өткөрүү мезгилинде, 2021-жылы 26-мартта КР БШКнын имаратында Бишкек АШКнын Ыкчам чара көрүүчү координациялык тобунун (ЫЧКТ) жыйналышы болуп өттү.

ЫЧКТ жыйналышына борбордук АШКнын жана Бишкек шаарынын укук коргоо органдарынын өкүлдөрү катышты.

2021-жылдын 25-мартына карата Маалыматты каттоо журналына (МКЖ) 6 иш катталды, анын 3өө номенклатуралык иштерге өткөрүлдү.

Кылмыштардын жана укук бузуулардын бирдиктүү реестринин автоматташтырылган маалыматтык тутумунда (КУБР АМТ) сатып алуу жана кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу фактылары боюнча 11 (он бир), анын ичинде УКМКнын Бишкек шаары боюнча ББда 7 (жети) иш катталды:

- “Ата-Журт Кыргызстан” саясий партиясынан Бишкек шаардык кеңештин депутаттыгына талапкерлер Т.Ж. жана Р.А. карата (КР ЖК 192-берене. Шайлоочулардын добуштарын сатып алуу);

- “Ак Бата” саясий партиясынын үгүтчүсү Р.Ж. карата (КР ЖК 193-берене: Шайлоо өнөктүгүн каржылоо тартибин бузуу);

- Бишкек шаардык мэриясынын Ленин административдик району боюнча кызмат адамынын “Эмгек” саясий партиясынын кызыкчылыгына иштегени үчүн (КР ЖК 205-берене. Ишенип берилген мүлктү ыйгарып алуу же коротуу, 320-берене. Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу);

- “Эмгек” саясий партиясынын мүчөсү Б.Н. карата (КР ЖК 192-берене. Шайлоочулардын добуштарын сатып алуу);

- Бишкек шаардык мэриясынын Октябрь административдик району боюнча МАБ башчыларынын бирине карата “Эмгек” саясий партиясынын кызыкчылыгына иштегени үчүн (КР ЖК 320-берене. Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу);

Бишкек шаарынын ИИББ боюнча 4 (төрт) иш:

- №93 орто мектептин мугалимдеринин “Эмгек” саясий партиясынын пайдасына үгүт жүргүзгөн факты боюнча;

- “Эмгек” саясий партиясынан Бишкек шаардык кеңештин депутаттыгына талапкер Р.У.Арча-Бешик” конушунда таштанды жыйнагычтарды орноткон факты боюнча, бул факты шайлоочулардын добуштарын сатып алуу катары каралууда;

- Бишкек шаардык мэриясынын Октябрь административдик району боюнча МАБдарынын биринин башкы адисинин “Эмгек” саясий партиясынын пайдасына үгүт жүргүзгөн факты боюнча;

- “Инстаграм” социалдык түйүнүнө үн-жазма жайгаштырылган факты боюнча, анда белгисиз аял 1-форма боюнча каттап, шайлоочулардын тизмесине киргизүү үчүн адамдарды участкалык шайлоо комиссияларына жөнөтүүгө көрсөтмө берген. Мындан тышкары, ал аял участкалык шайлоо комиссияларына жарандарды ташып келүүнү камсыздоого көрсөтмө берген. Андан ары ал мыйзамга ылайык батирлерге катталса болорун, бирок шек туудурбаш үчүн 10дон ашык адамды каттабаш керек экендигин билдирген.