БШК КРнын жергиликтүү кеңештеринин депутаттарын шайлоодо жана референдумда эл аралык байкоочунун күбөлүгүнүн бекитти

26 марта 2021

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы 2021-жылдын 26-мартындагы өз жыйналышында 2021-жылдын 11-апрелине дайындалган Кыргыз Республикасынын жергиликтүү кеңештеринин депутаттарын шайлоодо жана "Кыргыз Республикасынын Конституциясы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору боюнча референдумда (жалпы элдик добуш берүүдө) эл аралык байкоочунун күбөлүгүнүн үлгүсүн бекитти.

Токтом “Кыргыз Республикасынын Конституциясы жөнүндө” Кыргыз Республикасынын 2021-жылдын 12-мартындагы № 31  Мыйзамынын долбоору боюнча референдумду (бүткүл элдик добуш берүүнү) дайындоо тууралуу” Кыргыз Республикасынын Мыйзамы  жана “Кыргыз Республикасынын жергиликтүү кеңештеринин депутаттарын шайлоону дайындоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Президентинин 2021-жылдын 8-февралындагы №21 ПЖ Жарлыгына ылайык,  “Кыргыз Республикасынын референдуму жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 19-беренесин, “Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 8-беренесин, «Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 7,18-беренелерин, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2016-жылдын 9-ноябрындагы № 197 токтому менен бекитилген «Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдумундагы эл аралык (чет элдик) байкоочулардын иш тартиби, статусу жана ыйгарым укуктары жөнүндө» Жобонун 3.9-пунктун жетекчиликке алып кабыл алынды.

Кыргыз Республикасынын жергиликтүү кеңештеринин депутаттарын шайлоодо жана  референдумда эл аралык байкоочунун күбөлүгүнүн сүрөттөлүшү

Эл аралык байкоочунун күбөлүгү - анын статусун күбөлөндүрүүчү документ.

Күбөлүк түстүү (ак) типтүү бланкта (эки тараптуу) 95x135 мм өлчөмүндө кыргыз, орус жана англис тилдеринде таризделет, анын реквизиттери үлгүдө келтирилди.

Сол тараптагы үстүңкү бурчта Кыргыз Республикасынын Герби орун алган. Оң тараптагы үстүңкү бурчта КР БШКнын логотиби жайгашкан.

Ортосунда "Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы" деген текст жайгаштырылган, төмөн жагында жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоонун жана референдумдун логотиби жайгашкан.

Төмөн жагында күбөлүктүн номуру, күбөлүктүн колдонуу шарттары көрсөтүлөт, ошондой эле төмөнкү текст бар: "Эл аралык байкоочу", эл аралык байкоочунун фамилиясы, аты, атасынын аты, өкүлү болуп саналган уюмдун аталышы.

Андан кийин КР БШКнын төрагасынын колу коюлат, ал КР БШКнын герб сүрөтү бар мөөрү менен күбөлөндүрүлөт, бланктын төмөн жагында күбөлүктүн жарактуулук мөөнөтү көрсөтүлөт. 

КР БШК Маалыматтык бөлүмү