БШК «Кыргыз Республикасынын Конституциясы жѳнүндѳ» КР Мыйзамынын долбоору боюнча референдумдун (бүткүл элдик добуш берүүнүн) участкалары жѳнүндѳ» токтомго ѳзгѳртүүлѳрдү киргизди
26 марта 2021
Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум ѳткѳрүү боюнча борбордук комиссиясы 2021-жылдын 26-мартындагы жыйналышында «2021-жылдын 11-апрелине дайындалган «Кыргыз Республикасынын Конституциясы жѳнүндѳ» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору боюнча референдумдун (бүткүл элдик добуш берүүнүн) участкалары жѳнүндѳ» КР БШКнын 2021-жылдын 14-мартындагы № 65 токтомуна ѳзгѳртүүлѳрдү киргизүү жөнүндө төмөнкүдөй токтом кылды:
-
токтом тѳмѳнкүдѳй мазмундагы 1.1. пункт менен толукталсын:
«1.1. Бишкек аймактык шайлоо комиссиясы 2021-жылдын 11-апрелинде «Кыргыз Республикасынын Конституциясы жѳнүндѳ» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору боюнча референдумда (бүткүл элдик добуш берүүдѳ) 2021-жылдын 10-январында ѳткѳрүлгѳн Кыргыз Республикасынын Президентин мѳѳнѳтүнѳн мурда шайлоодо түзүлгѳн Кыргыз Республикасынын чегинен тышкары участкалык шайлоо комиссияларын бекитсин».
Чечим «Кыргыз Республикасында шайлоо жана референдум ѳткѳрүү боюнча шайлоо комиссиялары жѳнүндѳ» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 7-беренесинин 1-бѳлүгүнүн 2-пунктуна, «Кыргыз Республикасынын референдуму жѳнүндѳ» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 21-беренесине жана «Кыргыз Республикасынын Конституциясы жѳнүндѳ» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору боюнча референдумду (бүткүл элдик добуш берүүнү) дайындоо тууралуу» Кыргыз Республикасынын 2021-жылдын 12-мартындагы № 31 Мыйзамына ылайык кабыл алынды.
КР БШК аппаратынын маалымат бөлүмү
