БШК Сүлүктү жана Манас АШКларынын курамына жана резервине өзгөртүүлөрдү киргизди

26 марта 2021

КР Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы 2021-жылдын 26-мартындагы жыйынында Сүлүктү жана Манас аймактык шайлоо комиссияларынын курамдарына жана резервдерине төмөнкүдөй өзгөртүүлөрдү киргизүү боюнча токтом кабыл алды.

Баткен облусунун Сүлүктү аймактык шайлоо комиссиясы:

- «Ата-Мекен» саясий партиясынан көрсөтүлгөн Кенжебаева Гулнора Умаркуловна комиссиянын курамынан чыгарылсын;

- жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органынан көрсөтүлгөн Хаитова Бегайым Каримовна резервден комиссиянын курамына киргизилсин.

Талас облусунун Манас аймактык шайлоо комиссиясы:

- «Кыргызстан» саясий партиясынан көрсөтүлгөн Чолпонкулов Фархад Абдылдаевич комиссиянын курамынан чыгарылсын;

- жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органынан көрсөтүлгөн Джекшемалиев Марат Дуйшонович резервден комиссиянын курамына киргизилсин.

Чечим Сүлүктү жана Манас аймактык шайлоо комиссияларынын мүчөлөрүнүн шайлоо комиссияларынын курамдарынан жана резервдеринен чыгаруу жөнүндө арыздарынын негизинде, “Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 7, 18, 19, 22-беренелерине, “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 21-1-беренесинин 1-бөлүгүнүн 4-пунктуна, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2011-жылдын 18-октябрындагы № 375 токтому менен бекитилген “Шайлоо комиссияларынын резервин түзүү жана жүргүзүү тартиби жөнүндө” Жобосуна ылайык кабыл алынды.

КР БШК Маалыматтык бөлүмү