Бишкек АШК акысыз обо убактысын бөлүштүрүү боюнча саясий партиялардын ортосунда чүчүкулак өткөрдү
26 марта 2021
2021-жылы 26-мартта Бишкек аймактык шайлоо комиссиясы 2021-жылы 11-апрелге дайындалган Бишкек шаардык кеңештин депутаттарын шайлоого катышуучу саясий партиялардын ортосунда мамлекеттик “КТРК” телеканалында акысыз обо убактысын бөлүштүрүү боюнча чүчүкулак өткөрдү.
“Мамлекеттик телерадио уюмдардын каналдарында акысыз эфир убактысын жана мамлекеттик мезгилдүү басылмаларда акысыз басма аянтын бөлүштүрүү боюнча чүчүкулакты өткөрүү тартиби жөнүндө” Нускамага ылайык көрсөтүлгөн обо убактысы теле- жана радиопрограммалар алда канча көп аудиторияны чогулткан – саат 20.00дөн саат 24-00гө чейинки мезгилге туура келүүгө тийиш.
Чүчүкулактын натыйжасы боюнча акысыз обо убактысын бөлүштүрүү боюнча кезектүүлүк төмөнкүдөй болду:
- “Кыргызстандын элдик-демократиялык партиясы” с/п,
- “Кыргызстан” с/п,
- “Тынчтык” с/п,
- “Айкөл Кыргызстан” с/п,
- “Ынтымак” с/п,
- “Реформа” с/п,
- “Республика” с/п,
- “Улуу-Журт” с/п,
- “Бийлик элге” с/п,
- “Социал-демократтар” с/п,
- “Кыргызстандын демократиялык кыймылы” с/п,
- “Замандаш” с/п,
- “Ишеним” с/п,
- “Тандоо эркиндиги” с/п,
- “Эмгек” с/п,
- “Биздин эл” с/п,
- “Кыргызстандын жашылдар партиясы ” с/п,
- “Ыйман Нуру” с/п,
- “Ата-Журт Кыргызстан” с/п,
- “Улутман” с/п,
- “Патриот” с/п,
- “Кыргызстандын социалисттик партиясы” с/п,
- “Ак Бата” с/п,
- “Кыргызстандын коммунисттер партиясы” с/п,
- “Бүтүн Кыргызстан” с/п.
КР БШК аппаратынын маалымат бөлүмү
