“Ак Бата” партиясы шайлоо алдындагы үгүт жүргүзүү эрежелерин бузган эмес – БАШК чечими

25 марта 2021

Бишкек аймактык  шайлоо комиссиясы “Ак Бата” саясий партиясынын шайлоо алдындагы үгүт жүргүзүү эрежелерин бузгандыгы тууралуу К.М. Маратовдун арызын канааттандыруудан баш тартуу жөнүндө чечим кабыл алды.

2021-жылы 19-мартта Бишкек АШКга К.М. Маратовдон арыз түшкөн, арызында ал “Ак Бата” саясий партиясы тарабынан атайын газетада балдардын сүрөттөрү менен үгүт материалы жайгаштырылганын көрсөтөт.

Шайлоо алдындагы үгүт жүргүзүү тартибин контролдоо боюнча Жумушчу топтун жыйналышында ал сүрөттөгү балдар үгүт жүргүзүшкөн эместиги, үгүт материалдарын чыгарган жана таркаткан эместиги, сүрөткө тартылган балдардын жаш курагы көрсөтүлгөндөн айырмаланып турары жөнүндө түшүндүрмө берилген.

КР БШКнын 2017-жылдын 7-июлундагы № 212 токтому менен бекитилген “Кыргыз Республикасында шайлоону жана референдумдарды өткөрүүдө шайлоочулардын жана шайлоо процессинин башка субъекттеринин (катышуучуларынын) арыздарын (даттанууларын) шайлоо комиссиялары карап чыгышынын тартиби жөнүндө” Жобого ылайык, “Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 20-беренесин жетекчиликке алып, Шайлоо алдындагы үгүт жүргүзүү тартибин контролдоо боюнча Жумушчу топтун корутундусунун негизинде Бишкек аймактык шайлоо комиссиясы мыйзамдарга карша келүүчү аракеттер болбогондугуна байланыштуу “Ак Бата” саясий партиясынын шайлоо алдындагы үгүт жүргүзүү эрежелерин бузгандыгы тууралуу К.М. Маратовдун арызын канааттандыруудан баш тартууну чечти.

 

КР БШК аппаратынын маалымат бөлүмү