БАШК “Ак Бата” партиясына даттанууну канааттандыруудан баш тартты
25 марта 2021
БАШК “Ак Бата” партиясына даттанууну канааттандыруудан баш тартты
Бишкек аймактык шайлоо комиссиясы “Ак Бата” саясий партиясы боюнча арызды канааттандыруудан баш тартуу жөнүндө чечим кабыл алды.
2021-жылы 19-мартта Бишкек АШКга К.М. Маратовдон арыз түшкөн, арызында ал болжолунда №1024 участоктук шайлоо комиссиянын төрагасы Ситникова Маргарита Хамзиевна “Ак Бата” саясий партиясынан Бишкек шаардык кеңешке депутаттыкка талапкер М.В. Ситниковдун энеси болуп саналарын, ал эми КР БШКнын 2010-жылдын 17-августундагы №161 токтому менен бекитилген райондук, шаардык жана участоктук шайлоо комиссияларын түзүү жана таркатуу жөнүндө жобонун 2-пунктуна ылайык талапкерлердин жакын адамдары аталган комиссияларга мүчө боло албай тургандыгын көрсөткөн.
Шайлоо алдындагы үгүт жүргүзүү тартибин контролдоо боюнча Жумушчу топтун жыйналышында ”Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамы күчүнө киргендигине байланыштуу жогоруда аталган ченемдик укуктук акт күчүн жоготкондугу жөнүндө түшүндүрмө берилген.
“Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 28-беренесине ылайык, “Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 20-беренесин жетекчиликке алып, Шайлоо алдындагы үгүт жүргүзүү тартибин контролдоо боюнча Жумушчу топтун корутундусунун негизинде Бишкек аймактык шайлоо комиссиясы мыйзамдарга каршы келүүчү аракеттер болбогондугуна байланыштуу К.М. Маратовдун арызын канааттандыруудан баш тартууну чечти.
КР БШК аппаратынын маалымат бөлүмү
