“Биздин эл” партиясынан талапкерге эскертүү берилди
25 марта 2021
Бишкек аймактык шайлоо комиссиясы 2021-жылдын 25-мартындагы жыйналышында “Биздин эл” саясий партиясынан талапкер А.К. Кайратовага шайлоо алдындагы үгүт жүргүзүү укугун кыянат пайдаланууга жол берилбестиги жөнүндө кат жүзүндө эскертүү берүү тууралуу чечим чыгарды.
2021-жылы 19-мартта Бишкек АШКга К.М. Маратовдон арыз түшкөн, арызында ал “Биздин эл” саясий партиясынан талапкер А.К. Кайратова шайлоо алдындагы үгүт жүргүзүү тартибин жана шарттарын бузгандыгын көрсөтөт.
Үгүт “Де-факто” газетасында чыгаруу маалыматтарысыз материал жарыялоо аркылуу жүргүзүлгөн, бул үгүт жүргүзүү эрежелеринин талаптарын бузгандык болуп саналат.
Шайлоо алдындагы үгүт жүргүзүү тартибин контролдоо боюнча Жумушчу топтун жыйналышында интервью 2021-жылы 1-мартта берилгендиги, бирок газетанын жаңылыштыгы боюнча ал 2021-жылы 12-мартта жарыялангандыгы жөнүндө кат жүзүндө түшүндүрмө берилген.
“Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 23-беренесинин 1-пунктунда минтип жазылган: “шайлоо алдында үгүт бардык талапкерлерди, талапкерлердин тизмелерин каттоо мөөнөтү аяктаган күндөн тартып башталат жана добуш берүү башталганга чейин 24 саат калганда токтотулат”.
Жогоруда баяндалгандын негизинде Бишкек АШК “Биздин эл” саясий партиясынан Бишкек шаардык кеңешке талапкер А.К. Кайратова тараптан шайлоо алдындагы үгүт жүргүзүү белгилери бар деген тыянакка келди.
“Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 22-28-беренелерине ылайык, “Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 20-беренесин жетекчиликке алып, Шайлоо алдындагы үгүт жүргүзүү тартибин контролдоо боюнча Жумушчу топтун корутундусунун негизинде Бишкек аймактык шайлоо комиссиясы “Биздин эл” саясий партиясынан талапкер А.К. Кайратовага шайлоо алдындагы үгүт жүргүзүү укугун кыянат пайдаланууга жол берилбестиги жөнүндө кат жүзүндө эскертүү берүүнү чечти.
КР БШК аппаратынын маалымат бөлүмү
