БШК эске салат: жарандар өздөрүн шайлоочулардын тизмесинен тактоо үчүн 3 күн калды

25 марта 2021

2021-жылдын 16-мартында «Консулдук каттоо» автоматташтырылган маалымат тутумунда түзүлгөн жана Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги берген маалыматтардын негизинде Кыргыз Республикасынын чегинен тышкары жүргөн референдумдун катышуучуларынын тизмеси түзүлдү.

Мурда чет өлкөдө жашаган же чет өлкөдөн келген, добуш берүү күнү – 2021-жылдын 11-апрелинде Кыргыз Республикасынын аймагында жүргөн жарандар Кыргыз Республикасынын референдумунун катышуучуларынын тизмесине киргизүү үчүн 2021-жылдын 27-мартына чейин (кошо алганда) шайлоочулардын тизмесиндеги маалыматтарды тактоо жөнүндө арыз менен тиешелүү участкалык шайлоо комиссиясына кайрылуулары керек.

Урматтуу шайлоочулар!

2021-жылдын 27-мартына чейин (кошо алганда) жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоого жана Кыргыз Республикасынын референдумуна катышуу үчүн өзүңөрдү шайлоочулардын тизмесинен тактооңуздар зарыл:

- «Тизме» шайлоочулардын мамлекеттик порталында - https://tizme.gov.kg/;

- өзүңүздүн шайлоо участогуңузда;

- паспортуңузда көрсөтүлгөн ПИН номуруңуз менен 119 номуруна чалып же SMS жөнөтүү менен (чалуу жана SMS акысыз), Сиз шайлоо участогуңуздун номурун жана дарегин аласыз.

Эгерде шайлоочулардын тизмесинен кандайдыр бир ката же так эместик табылса, анда 2021-жылдын 27-мартына чейин (кошо алганда) тиешелүү участкалык шайлоо комиссиясына Сиз шайлоочулардын тизмесиндеги маалыматтарды тактоо жөнүндө арыз менен кайрыла аласыз.

КР БШК аппаратынын маалымат бөлүмү