Баткен шаарынын укук коргоо органдарына шайлоодо мыйзамдуулукту камсыздоо чаралары жөнүндө маалымат берилди

20 марта 2021

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы “Жарандык платформа” коомдук фонду менен биргеликте ЕККУнун колдоосу алдында Баткен шаарында укук коргоо органдары үчүн “Шайлоо мыйзамдарын бузуулар боюнча чараларды иштеп чыгууда жана аларга чара көрүүдө укук коргоо органдарынын ролу” деген темада тренинг өткөрдү.

КР БШК мүчөсү Тынчтык Шайназаров өткөргөн тренинг Борбордук шайлоо комиссиясы тарабынан укук коргоо органдарынын кызматкерлерин окутууда жаңы алгоритмди жайылтуу алкагында уюштурулду. Шайлоо процессинин бардык этаптарында бузууларга чара көрүүдө укук коргоо органдарынын квалификациясын жогорулатууда туруктуулукту жана тутумдуулукту камсыздоо БШКнын ишинин жаңы форматынын максаты болуп саналат.

Окутуу процессине жаңы ыкма түзүү зарылдыгын эске алып, тренингге тергөө, алгачкы териштирүү органдарынын кыйла кесипкөй, тажрыйбалуу өкүлдөрү, коомдук коопсуздук кызматынын кызматкерлери, ошондой эле укук коргоо органдарынын окуу жайларынын окутуучулары чакырылды.

Тренингде укук коргоо органдарынын өкүлдөрүнө шайлоодо мыйзамдуулукту жана коопсуздукту камсыздоо чаралары, анын ичинде шайлоочулардын добуштарын сатып алуу боюнча иштелип чыккан мыйзам ченемдери (жоопкерчиликке тартуу субъектилеринин кеңейтилиши), администрациялык ресурсту пайдалангандык үчүн киргизилген жоопкерчилик, даттануулар Реестри жөнүндө айтылды.

Борбордук шайлоо комиссиясы мамлекеттик жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары менен өз ара аракеттешип, шайлоо процессинин бардык этаптарында санитардык-эпидемиологиялык коопсуздуктун зарыл чараларына абдан катуу көңүл бурулууда. Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоону уюштуруу жана өткөрүү мезгилинде иш-аракеттердин алгоритми иштелип чыкты. Ага ылайык добуш берүү күнү участокко кире бериште контактысыз температуралык контроль уюштурулат. Участкалык шайлоо комиссияларынын бардык мүчөлөрү жана шайлоочулар жеке коргоо каражаттары (беткап, колкап) менен камсыздалат. Атайын чийин-көрсөткүчтөр добуш берүүнүн катышуучуларына добуш берүү үчүн орун-жайдын сыртында дагы, ичинде дагы контактысыз басып жүрүүнү жана 1,5 - 2 метр социалдык аралыкты сактоону камсыздоого жардам берет.

КР БШК аппаратынын маалымат бөлүмү