Жалал-Абад шаарынын укук коргоо органдарынын өкүлдөрү шайлоо процесси боюнча квалификациясын жогорулатышты
19 марта 2021
Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы “Жарандык платформа” коомдук фонду менен биргеликте ЕККУнун Бишкектеги Программалык офисинин колдоосу алдында Жалал-Абад шаарында укук коргоо органдары үчүн “Шайлоо мыйзамдарын бузуулар боюнча чараларды иштеп чыгууда жана аларга чара көрүүдө укук коргоо органдарынын ролу” деген темада тренинг өткөрдү. Тренингди КР БШК мүчөсү Тынчтык Шайназаров өткөрдү..
Тренинг Борбордук шайлоо комиссиясы тарабынан укук коргоо органдарынын кызматкерлерин окутууда жаңы алгоритмди жайылтуу алкагында уюштурулду. шайлоо процессинин бардык этаптарында бузууларга чара көрүүдө укук коргоо органдарынын квалификациясын жогорулатууда туруктуулукту жана тутумдуулукту камсыздоо БШКнын ишинин жаңы форматынын максаты болуп саналат.
Окутуу процессине жаңы ыкма түзүү зарылдыгын эске алып, тренингге тергөө, алгачкы териштирүү органдарынын кыйла кесипкөй, тажрыйбалуу өкүлдөрү, коомдук коопсуздук кызматынын кызматкерлери, ошондой эле укук коргоо органдарынын окуу жайларынын окутуучулары чакырылды.
Ар бир өнөктүктүн өзгөчөлүгү укук коргоо органдары ишке ашырган чаралардын комплексинин жана шайлоо комиссиялары менен укук коргоо органдарынын ортосундагы өз ара аракеттешүүгө көмөктөшүүчү чаралардын курамдуу бөлүгү болуп саналары айтылды.
Шайлоо процессине киришүү менен укук коргоо органдары чаралар менен милдеттердин конкреттүү чөйрөсүн түшүнүү үчүн өзгөчөлүктөрдү, мөөнөттөрдү, этаптарды эске алуулары зарыл. Акыркы шайлоо процесси шайлоо талаш-тартыштарына байланыштуу иштердин олуттуу түрдө төмөндөгөндүгү менен мүнөздөлөт. Муну объективдүү түшүндүрмөсү бар: оң натыйжалары бар жана добуш берүүгө катышкан шайлоочулардын эсебин алуудагы аныктыкка жана добуш берүүнүн жыйынтыктарынын аныктыгына алып келген кардиналдуу реформа ишке ашырылды. 2015-жылдан тартып жаңы технологиялар, анын ичинде шайлоочуларды биометрикалык каттоо жана добуштарды автоматтык жол менен эсептөө.
КР БШК аппаратынын маалымат бөлүмү




