Бишкекте жергиликтүү кеңештерге шайлоодо кастык тилди пайдаланууну болтурбай коюу механизмдери талкууланды
17 марта 2021
Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы “Жарандык платформа” коомдук фонду менен биргеликте “2021-жылдын 11-апрелиндеги жергиликтүү кеңештерге шайлоо мезгилинде кастык тилди пайдаланууну болтурбай коюу боюнча маселелерди талкуулоо” деген темада эксперттердин жолугушуусун өткөрдү.
Европа Бирлиги каржылап, беш уюм – Демократия үчүн Европа өнөктөштүгү (долбоордун негизги өнөктөшү) Медиа Полиси Институту, Article 19, Жергиликтүү Демократиянын Европа Ассоциациясы (ALDA Europe) жана Демократия үчүн Вестминстер Фондунан турган консорциум ишке ашыруучу МедиаДиалог долбоорунун алкагында жолугушуу өттү.
Долбоор демократиянын кыймылдаткыч күчү жана шайлоо циклинин жүрүшүндө турукташтыруучу фактор катары медиа секторунун дараметин жана жоопкерчилигин бекемдөөгө багытталган. Демократия үчүн Вестминстер Фонду өз мандатынын алкагында шайлоо процессинин катышуучуларынын арасында кастык тилди пайдаланууну болтурбай коюу боюнча иш жүргүзөт, бул талапкерлер, ошол сыяктуу эле жигердүү жаштар менен кастык тил маселеси боюнча иш-чараларды өткөрүүгө түрткү болду.
Дискуссияга бейөкмөт уюмдардын, эксперттер жамаатынын өкүлдөрү, юристтер, журналисттер, КР Башкы прокуратурасынын, КР Президентине караштуу Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссиянын өкүлдөрү жана БШК мүчөлөрү катышты.
Жолугушууда кастык тилди пайдалангандык үчүн укуктук жоопкерчиликтин түрлөрүн, үгүт жүргүзүү мезгилинде кастык тилди пайдалануунун тобокелдиктерин азайтуу маселелерин, кастык тилди аныктоонун эл аралык тажрыйбасын жана тилди оң жана сабырдуулук менен кабыл алууну илгерилетүү чараларын талкуулашты.
Эксперттер кастык тил тууралуу кабардар болуу деңгээлин арттыруу максатында жаштар жана талапкерлер үчүн иш-чараларды өткөрүү жөнүндө, ошондой эле кастык тилдин радикалдуулугунун даражалары жөнүндө пикир алмашты.
Саясий партиялардын талапкерлерине партиялык Этика кодексин түзүү сунушу айтылды.
КР БШК аппаратынын маалымат бөлүмү









