БШК Баткен жана Кочкор АШКларынын курамына жана резервине өзгөртүүлөрдү киргизди

18 марта 2021

КР Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы 2021-жылдын 18-мартындагы жыйынында Баткен жана Кочкор аймактык шайлоо комиссияларынын курамдарына жана резервдерине төмөнкүдөй өзгөртүүлөрдү киргизүү боюнча токтом кабыл алды.

Баткен облусунун Баткен аймактык шайлоо комиссиясы:

- жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органынан көрсөтүлгөн Сатыбалды уулу Улукбек комиссиянын курамынан чыгарылсын;

- жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органынан көрсөтүлгөн Орозалиев Кенжебай Артыкбаевич резервден комиссиянын курамына киргизилсин.

Нарын облусунун Кочкор аймактык шайлоо комиссиясы:

- жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органынан көрсөтүлгөн Мойденов Рысбек Алиевич комиссиянын курамынан чыгарылсын;                                                                                                                      

- жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органынан көрсөтүлгөн Беккожоев Муканбет Ишенович резервден комиссиянын курамына киргизилсин.

Чечим Баткен жана Кочкор аймактык шайлоо комиссияларынын мүчөлөрүнүн шайлоо комиссияларынын курамдарынан жана резервдеринен чыгаруу жөнүндө арыздарынын негизинде, “Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 7, 18, 19, 22-беренелерине, “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 21-1-беренесинин 1-бөлүгүнүн 4-пунктуна,  Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2011-жылдын 18-октябрындагы № 375 токтому менен бекитилген “Шайлоо комиссияларынын резервин түзүү жана жүргүзүү тартиби жөнүндө” Жобосуна ылайык кабыл алынды.

КР БШК Маалыматтык бөлүмү