БШК «Тилектештик» саясий партиясынын даттануусу боюнча Ош АШК чечимин күчүндө калтырды
16 марта 2021
Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы 2021-жылдын 16-мартындагы жыйналышында Ош шаардык АШКнын 2021-жылдын 11-мартындагы №14 чечими мыйзамдуу болгондугуна байланыштуу «Тилектештик» саясий партиясынын арызы боюнча талаптарды канааттандыруудан баш тартуу жөнүндө чечим кабыл алды.
2021-жылы 14-мартта КР БШКга «Тилектештик» саясий партиясынын төрагасы Т. Келдибаевден “«Тилектештик» саясий партиясы көрсөткөн Ош шаардык кеңешине депутаттыкка талапкерлердин тизмеси жөнүндө” Ош шаардык аймактык шайлоо комиссиясынын 2021-жылдын 11-мартындагы №14 чечимин жокко чыгаруу жөнүндө арыз түшкөн. Арызда саясий партия өз съездинде Ош шаардык кеңешине депутаттыкка 75 талапкердин тизмесин көрсөткөндүгүн, 52 талапкердин документери толук көлөмдө, 23 талапкердики кээ бир кемчиликтер менен берилгенин көрсөтөт.
Арызда 2021-жылы 10-мартта саат 19.00дө Ош шаардык АШК кээ бир документтердин жетпегендиги жана документтердеги дал келбестиктерди 2021-жылдын 11-мартында саат 12.00гө карата оңдоо зарылдыгы жөнүндө билдиргени айтылат. Маалымдоо алынган учурдан тартып 48 сааттын ичинде да, талапкердин тизмесин каттоо мөөнөтү аяктаганга чейин да “Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 53-беренесинин талаптарына ылайык керектүү документтер «Тилектештик» саясий партиясы тарабынан Ош шаардык АШКга берилген эмес.
Жергиликтүү кеңештердин депутаттыгына талапкерлерди көрсөтүү тартиби “Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 49-беренесинде белгиленген. “Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 53-беренесинин 8-бөлүгүнүн 1-пунктуна ылайык талапкерлердин тизмесин каттоо үчүн ушул Мыйзамга ылайык зарыл болгон документтерди бербөө талапкерлердин тизмесин каттоодо баш тартуунун негизи боло алат.
“Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 20-беренесинин 1-бөлүгүнүн 13-пунктуна ылайык аймактык шайлоо комиссиясы “жергиликтүү кеңештерге депутаттыкка, жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органдарынын башчыларына талапкерлерди, талапкерлердин тизмелерин, алардын өкүлдөрүн каттайт жана аларга белгиленген үлгүдөгү күбөлүктөрдү берет”.
Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы Ош шаардык АШКнын 2021-жылдын 11-мартындагы №14 чечими “Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 49, 53-беренелерине жана Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 20-беренесине ылайык кбал алынган деген тыянакка келди.
Жогоруда баяндалгандардын негизинде, “Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 41, 42, 49, 53-беренелерин, “Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 6, 7, 18, 20-беренелерин, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2017-жылдын 7-июлундагы № 7 токтому менен бекитилген “Кыргыз Республикасында шайлоону жана референдумдарды өткөрүүдө шайлоочулардын жана шайлоо процессинин башка субъекттеринин (катышуучуларынын) арыздарын (даттанууларын) шайлоо комиссиялары карап чыгышынын тартиби жөнүндө” Жобону жетекчиликке алып, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы Ош шаардык АШКнын 2021-жылдын 11-мартындагы №14 чечими мыйзамдуу болгондугуна байланыштуу «Тилектештик» саясий партиясынын арызы боюнча талаптарды канааттандыруудан баш тартуу жөнүндө чечим кабыл алды.
КР БШК аппаратынын маалымат бөлүмү
