Баткен шаарынын жарандык коомунун уюмдарына партиялардын шайлоо фонддоруна кандай байкоо жүргүзүүгө болорун түшүндүрүштү
16 марта 2021
Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы Бириккен Улуттар Уюмунун Өнүктүрүү программасынын (БУУ ӨП) колдоосу менен жарандык коомдун уюмдары (ЖКУ) жана жалпыга маалымдоо каражаттары (ЖМК) үчүн шайлоо өнөктүктөрүн каржылоого байкоо жүргүзүү боюнча тренинг өткөрдү.
Шайлоо өнөктүктөрүн каржылоонун институттук негиздери, киреше, чыгашаларга, отчёттуулукка жана талапкерлердин, саясий партиялардын өнөктүктөрүн каржылоо жөнүндө маалыматтарын ачууга, алардын шайлоо өнөктүктөрүн каржылоо боюнча ченемдик актыларга жана эрежелерге жалпы ылайык келүүсүнө учурунда контролдук жүргүзүүгө көмөктөшүүчү негизги ыкмалар жана инструменттер тууралуу ЖКУга жана ЖМКга маалымдоо максатында тренингдердин сериясы бүт өлкөдө башталды.
Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы тарабынан шайлоону мамлекеттик бюджеттен каржылоонун айкындуулугун, ошондой эле шайлоого катышуучу партиялардын шайлоо фонддорунун айкындуулугун камсыздоого багытталган ченемдик актылардын топтому кабыл алынганы катышуучуларга маалымдалды.
Кабыл алынган жоболор мерчемдөөнүн стандарттарынан жана мамлекеттик бюджеттин шайлоо боюнча отчёттуулугунан тышкары, саясий партиялардын шайлоо фонддоруна төгүлүүчү акча каражаттарынын келип чыгуу булактарын ачууну, шайлоо өнөктүгү убагында саясий партиялардын чыгымдарынын айкындуулугун дагы караштырат.
БШКнын сайтында шайлоо фонддорунун каражаттарынын кыймылы тууралуу төмөнкүдөй маалыматтар жума сайын жарыяланып турат:
- фондго түшкөн каражаттардын булактары боюнча – партиянын фондуна качан, ким, канча каражат төккөнү;
- чыгымдар боюнча – товар же кызмат көрсөтүү үчүн качан, кимге, канча каражат төлөнгөнү.
Тренингдер Ош, Талас, Нарын, Каракол, Жалал-Абад жана Бишкек шаарларында дагы өтөт.
Төмөнкү шилтеме боюнча катталса болот.











КР БШК аппаратынын маалымат бөлүмү
