БШК  Бакыян айыл өкмөтүнун  башчысын  кайра шайлоону дайындады

16 марта 2021

Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиясы 2021-жылдын 16-мартындагы отурумунда Талас облусунун Кара-Буура районунун Бакыян айыл өкмөтүнүн башчысын жаңы талапкерлерди көрсөтүү менен кайра шайлоо 2021-жылдын 31-мартына дайындоо жөнүндө чечим кабыл алды.

Шайлоо саат 9.00дөн 12.00гө чейин өткөрүлөт.

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2021-жылдын 25-февралындагы № 49 токтому менен 2021-жылдын 16-мартына дайындалган Талас облусунун Кара-Буура районунун Бакыян айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоодо катталган талапкер добуштардын зарыл болгон санын албай калган.

Ушуга байланыштуу Кара-Буура аймактык шайлоо комиссиясына  Бакыян айыл өкмөтүнүн башчысын кайра шайлоону Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жана Кыргыз Республикасынын өкмөтү тарабынан 2020-жылдын 11-майындагы № 244 токтому менен бекитилген санитардык-эпидемиологиялык эрежелердин сакталышы менен өткөрүү тапшырылды.

БШК «Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 6, 7, 14, 18-беренелерине, «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 49-беренесине, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2017-жылдын 6-январындагы № 3 токтому менен бекитилген «Айыл өкмөтүнүн башчыларын шайлоо тартиби жөнүндө» Жобосуна ылайык кайра шайлоо жөнүндө чечим кабыл алды.

БШК  Маалыматтык  бөлүмү