КР БШК референдумдун добуш берүү үчүн бюллетенинин формасын жана текстин бекитти

16 марта 2021

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы 2021-жылдын 16-мартындагы жыйналышында 2021-жылдын 11-апрелине дайындалган «Кыргыз Республикасынын Конституциясы жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору боюнча референдумдун (бүткүл элдик добуш берүүдө) добуш берүү үчүн бюллетенинин формасын жана текстин бекитүү жана добуш берүү үчүн бюллетендерди “Учкун” ААКсында даярдоону ишке ашыруу жөнүндө токтом кылды.

Чечим«Кыргыз Республикасынын референдуму жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Конституциялык мыйзамынын  31-беренесине, «Кыргыз Республикасынын Конституциясы жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору боюнча референдум (бүткүл элдик добуш берүүнү) дайындоо тууралуу» Кыргыз Республикасынын 2021-жылдын 12-мартындагы № 31 Мыйзамынын 3-беренесине, «Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 7-беренесине ылайык, «Катуу көзөмөлдөгү отчеттуулук документтерин даярдоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1997-жылдын 22-сентябрындагы № 540 токтомун жетекчиликке алып кабыл алынды.

КР БШК маалымат бөлүмү