КР БШКсында 1255 кыска номери аркылуу колл-борбору иштеп жатат
15 марта 2021
Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум ѳткѳрүү боюнча борбордук комиссиясында 1255 (телефон чалуу бекер) - кыска номери аркылуу колл-борбору иштеп жатат.
Түз байланыштын ишмердиги алдыдагы жергиликтүү кеңештерге шайлоо жана референдум (жалпы элдик добуш берүү) маселелери боюнча маалымат берүү жана консультация берүүгө багытталган.
Колл-борбордун операторлорун тандоодо БУУнун ден соолугунан кемтилгеси бар адамдардын жана майыптуулугу бар адамдардын укуктары жөнүндө конвенциянын эмгекке жана ишке болгон жоболору эске алынган. Ошондой эле ушул категориядагы калк үчүн инклюзивдүү шайлоо процессин өркүндөтүү да эске алынган.
Колл-борбордун операторлору болуп мүмкүнчүлүгү чектелген жарандар, аялдар, жаштардын өкүлдөрү жана түрдүү этникалык топтордун өкүлдөрү иштешет. Алар атайын даярдыктан өтүшүп, шайлоочулардын жана талапкерлердин шайлоого жана референдумга катышуунун тартиби жөнүндө суроолорго жооп бере алышат.
Колл-борборго бардык чалуулар 1255 кыска номерине уюлдук телефон аркылуу жана катталган номерлерден чалуу -бекер.
Коомдук кабылдама - 0(312) 660240
Колл-борбордун иш графиги 9:00дөн 18:00гө чейин дем алышсыз.
КР БШК Маалымат бөлүмү
