11-апрелдеги шайлоого катышуучу бардык партиялардын талапкерлеринин тизмелери БШК сайтында жеткиликтүү

15 марта 2021

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум ѳткѳрүү боюнча борбордук комиссиясы үстүбүздөгү жылдын 11-апрелине дайындалган шаардык кеңештерге шайлоого катышуу үчүн катталган бардык 28 саясий партиянын талапкерлеринин тизмелерин өз сайтына жайгаштырды.

https://shailoo.gov.kg/ru/vybory-aprel-2021/spiski-kandidat-politpartij-28-gorkenes/ шилтемеси боюнча тизмелер менен таанышууга болот. Айрым кеңештер боюнча маалыматтар дагы толукталууда.

Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө мыйзамдарга ылайык шаардык кеңештердин депутаттарын шайлоого катышуу үчүн саясий партиялардын талапкерлеринин тизмелерин каттоо 2021-жылы 11-мартта аяктады.

Аймактык  шайлоо комиссиялары 56 партиянын талапкерлеринин тизмелерин каттады.

Катталган талапкерлердин жалпы саны 11 782 адамды түздү. Алдыда 28 шаардык кеңешке бардыгы 796  депутат шайланышы керек.

Ошентип, орточо алганда бир бош мандатка 14төн ашык талапкер ат салышат, партиялардын жана талапкерлердин кыйла көп саны борбордо: 1 орунга  – 25 партия жана 40 талапкер. Партиялардын жана талапкерлердин кыйла аз саны Көк-Жаңгакта: 1 орунга  – 3 партия жана 5 адам.

Алдыдагы жергиликтүү кеңештерге шайлоодо шайлоо алдындагы программаны КР БШКнын расмий сайтында милдеттүү түрдө жайгаштыруу жөнүндө Борбордук шайлоо комиссиясына коюлган талап алгач ирет ишке ашырылат.

Катталган бардык саясий партиялардын талапкерлеринин тизмелерин жайгаштыруудан тышкары, шайлоочуларга аң-сезимдүү тандоого кепилдик берүү үчүн КР БШК саясий партиялардын программаларын дагы жайгаштырат.

КР БШК аппаратынын маалымат бөлүмү