КР БШК референдумдун (бүткүл элдик добуш берүүнүн) участкаларын бекитти

14 марта 2021

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум ѳткѳрүү боюнча борбордук комиссиясы 2021-жылдын 14-мартындагы жыйынында Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум ѳткѳрүү боюнча борбордук комиссиясынын токтомдору менен түзүлгөн шайлоо участкалары, 2021-жылдын 11-апрелине дайындалган «Кыргыз Республикасынын Конституциясы жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору боюнча референдумдун (бүткүл элдик добуш берүүнүн) участкаларын бекитти.

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум ѳткѳрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2020-жылдын 20-январындагы № 5, 2020-жылдын 30-январындагы №№ 14, 15, 16, 17, 18, 19, 20, 2020-жылдын 11-февралындагы № 35 токтомдору менен Кыргыз Республикасынын аймагында шайлоо участокторунун схемалары жана чек аралары бекитилген, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум ѳткѳрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2020-жылдын 20-ноябрындагы № 370 токтому менен Кыргыз Республикасынын чегинен тышкары шайлоо участоктору түзүлгөн.

Токтом “Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жѳнүндѳ” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 21, 48-беренелерине, “Кыргыз Республикасынын башкаруу формасын аныктоо боюнча референдум (бүткүл элдик добуш берүүнү) дайындоо тууралуу” Кыргыз Республикасынын 2020-жылдын 11-декабрындагы №6 Мыйзамына ылайык, “Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум ѳткѳрүү боюнча шайлоо комиссиялары жѳнүндѳ” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 7, 18, 20-беренелерин жетекчиликке алып кабыл алынды.

КР БШК Маалымат бөлүмү