КРнын референдумуна үгүт топторун каттоо жѳнүндѳ арыздарды кабыл алуу жана текшерүү боюнча Жумушчу тобу түзүлдү
14 марта 2021
Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум ѳткѳрүү боюнча борбордук комиссиясы 2021-жылдын 14-мартындагы жыйынында Кыргыз Республикасынын референдумуна үгүт топторун каттоо жѳнүндѳ арыздарды кабыл алуу жана текшерүү боюнча Жумушчу тобун түзүү жѳнүндѳ чечим кабыл алды.
Ошондой эле КР БШКнын 2021-жылдын 9-февралындагы № 23 чечими менен түзүлгѳн тѳмѳндѳгү Жумушчу топторго 2021-жылдын 11-апрелине дайындалган Кыргыз Республикасынын референдумун ѳткѳрүүдѳ тийиштүү маселелер боюнча иштер жүктѳлсүн деген чечим кабыл алынды:
- Шайлоочуларды жана шайлоо процессинин башка субъектилерин маалымдоо маселелери жана үгүт жүргүзүү эрежелери боюнча жумушчу топ;
- Шайлоочулардын жана шайлоо процессинин башка субъектилеринин арыздарын жана даттанууларын кароо боюнча жумушчу топ;
- Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясына караштуу Контролдук-текшерүү тобу;
- Ыкчам чара көрүүнүн координациялык тобу;
Чечим «Кыргыз Республикасынын Конституциясы жѳнүндѳ» рефрендумду (бүткүл элдик добуш берүүнү) дайындоо жѳнүндѳ» Кыргыз Республикасынын 2021-жылдын 12-мартындагы № 31 Мыйзамы менен дайындалган 2021-жылдын 11-апрелиндеги референдумду даярдоого жана ѳткѳрүүгѳ байланыштуу, «Кыргыз Республикасынын референдуму жѳнүндѳ» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамына, «Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум ѳткѳрүү боюнча шайлоо комиссиялары жѳнүндѳ» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 6, 7, 18-беренелерине ылайык тѳмѳндѳгү максаттар да түзүлгѳн:
- референдумда үгүт процессине жарандардын мыйзамдуу жана тең укуктуу катышуусун камсыз кылуу;
- референдумдун катышуучуларын маалымдоону камсыз кылуу;
- ошондой эле референдумдун катышуучуларынын башка конституциялык укуктарын сактоо жана жүзѳгѳ ашыруу кепилдиктерин камсыз кылуу.
КР БШК Маалымат бөлүмү
