БШК референдум участкалары үчүн календардын текстин бекитти
14 марта 2021
Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиясы 2021-жылдын 14-мартындагы отурумунда 2021-жылдын 11-апрелине дайындалган «Кыргыз Республикасынын Конституциясы жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору боюнча референдум (бүткүл элдик добуш берүүнүн) участкалары үчүн календардын текстин бекитүү чечимин чыгарды.
Чечим «Кыргыз Республикасынын Конституциясы жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору боюнча референдум (бүткүл элдик добуш берүү) дайындоо тууралуу Кыргыз Республикасынын 2021-жылдын 12-мартындагы №31 Мыйзамынын негизинде, «Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 7-беренесине ылайык кабыл алынды.
КР БШК Маалыматтык бөлүмү
