БШК КР ЖК депутаты Акматов Алмазбектин ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотту

14 марта 2021

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы 2021-жылдын 14-мартындагы өз жыйналышында «Бир Бол» парламенттик фракциясынан Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты Акматов Алмазбек Жумабековичтин ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотту.

КР БШК өз чечимин «Бир Бол» парламенттик фракциясынан Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты Акматов Алмазбек Жумабекович каза болгондугуна байланыштуу, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 73-беренесинин 3-бөлүгүнүн 9-пунктуна, «Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 65-беренесинин 4-бөлүгүнүн 3-пунктуна, «Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутатынын статусу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 3-беренесинин 1-бөлүгүнүн 8-пунктуна, 2-бөлүгүнө, «Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 7-беренесине ылайык кабыл алды.

Жогорку Кеңештин депутаты Акматов Алмазбектин күбөлүгү анык эмес деп табылды.

КР БШК Маалыматтык бөлүмү