2021–ж. 14-мартында өтө турган КР БШКнын отурумунун күн тартибинин долбоору

14 марта 2021

Өткөрүү датасы:14 -март 2021-ж.

Убактысы: 18:10

Өткөрүлүүчү жери: отурумдар залы 

 

1. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты
А.Ж. Акматовдун ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу жөнүндө

(баяндамачы – Т.О. Айтикеев, шайлоолорду уюштуруу боюнча бөлүмдүн башчысы )

2. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутатынын бош калган мандатын өткөрүп берүү жөнүндө

(баяндамачы – Т.О. Айтикеев, шайлоолорду уюштуруу боюнча бөлүмдүн башчысы)

3. 2021-жылдын 11-апрелине дайындалган «Кыргыз Республикасынын Конституциясы жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору боюнча референдумду (бүткүл элдик добуш берүүнү) даярдоо жана өткөрүү боюнча негизги иш-чаралардын календардык планын бекитүү жөнүндө

(баяндамачы – Т.О. Айтикеев, шайлоолорду уюштуруу боюнча бөлүмдүн башчысы)

4. 2021-жылдын 11-апрелине дайындалган «Кыргыз Республикасынын Конституциясы жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору   боюнча референдумдун (бүткүл элдик добуш берүүнүн) участкалары жөнүндө

(баяндамачы – Т.О. Айтикеев, шайлоолорду уюштуруу боюнча

бөлүмдүн башчысы)

5. 2021-жылдын 11-апрелине белгиленген Кыргыз Республикасынын референдумун (бүткүл элдик добуш берүүнү) даярдоого жана өткөрүүгө чыгымдардын сметасын бекитүү жөнүндө

(баяндамачы – Дюшембиева Г.К., пландоо,эсепке алуу, отчеттуулук бөлүмү)

6. 2021-жылдын 11-апрелине белгиленген «Кыргыз Республикасынын референдумунун (бүткүл элдик добуш берүүнү) жүрүшүндө («макул» жана «каршы» топторунун) атайын референдум фондулары үчүн банктык мекемелерди аныктоо жөнүндө

(баяндамачы – Дюшембиева Г.К., пландоо,эсепке алуу, отчеттуулук бөлүмү)

7. 2021-жылдын 11-апрелине дайындалган «Кыргыз Республикасынын Конституциясы жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору боюнча референдумду (бүткүл элдик добуш берүүнүн) участкалары үчүн календардын текстин бекитүү жөнүндө

(баяндамачы – Т.О. Айтикеев, шайлоолорду уюштуруу боюнча бөлүмдүн башчысы)

8. Жарандарга, шайлоо комиссияларынын мүчөлөрүнө, мамлекеттик органдарга жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына, саясий партияларга, жалпыга маалымдоо каражаттарына, коммерциялык эмес уюмдарга, Кыргыз Республикасынын референдумунун катышуучуларына Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын кайрылуусу жөнүндө

(баяндамачы – Т.О. Айтикеев, шайлоолорду уюштуруу боюнча бөлүмдүн башчысы)

9. Кыргыз Республикасында шайлоону жана референдумду даярдоо жана өткөрүү мезгилинде санитардык-эпидемиологиялык коопсуздукту жана жарандардын ден соолугун коргоону камсыз кылуу боюнча аракеттеринин алгоритми тууралуу

(баяндамачы – Кутбердиева М.М., укуктук камсыздоо бөлүмдүн эксперти)

10. 2021-жылдын 11-апрелине дайындалган Кыргыз Республикасынын референдумун даярдоо жана ѳткѳрүү боюнча Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум ѳткѳрүү боюнча борбордук комиссиясынын жумушчу топторун түзүү жѳнүндѳ

(баяндамачы – Кутбердиева М.М., укуктук камсыздоо бөлүмдүн эксперти)

11. Ноокат аймактык шайлоо комиссиясынын курамына жана резервине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө

(баяндамачы – Т.О. Айтикеев, шайлоолорду уюштуруу боюнча бөлүмдүн башчысы)

12.Ар түрдүү маселелер