Айыл кеңештеринин депутаттыгына талапкерлерди кѳрсѳтүү аяктады

13 марта 2021

2021-жылдын 11-мартында жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жѳнүндѳ мыйзамга ылайык айылдык кеңештин дептутаттарын шайлоого катышуу үчүн талапкерлерди кѳрсѳтүү аяктады. 

420 айылдык кеңештин мандаттарынын жалпы саны – 7560. Кѳрсѳтүлгѳн талапкерлердин жалпы саны 19140 адамды түзѳт, алардын ичинен 63 талапкер саясий партиялар тарабынан кѳрсѳтүлгѳн, калгандары ѳзүн ѳзү кѳрсѳткѳндѳр болуп саналышат.

Документтерди  кабыл алгандан кийин 10 календардык күндүн ичинде – 22-мартка чейин тийиштүү   аймактык шайлоо комиссиялары талапкерлердин жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жѳнүндѳ мыйзамдардын талаптарына ылайык келүүсүнѳ текшерүү жүргүзѳт. Маалыматтарды текшерүү ошондой эле  паспорттогу маалыматтар, жергиликтүү жамаатарда мүчѳлүгү (катталуусу), КР жарандыгы (МКК), жоюла элек соттуулугунун жоктугу (ИИМ) ж.б. боюнча «Түндүк» ведомстволор аралык электрондук ѳз ара аркеттенүү системасын пайдалануу менен жүргүзүлѳрүн белгилѳѳ зарыл.  Биринчи жолу ушул жергиликтүү шайлоолордо талапкерлердин жалпы орто билиминин бар экендиги жѳнүндѳ, 1 миң сом шайлоо күрѳѳсү тууралуу,  ж.б.  талаптар боюнча мыйзамдын жаңы нормалары колдонулат.

Ар бир шайлоо округунда 30 пайыздан кем эмес мандаттарды резервге калтыруу  азыркы айылдык кеңештерди шайлоонун маанилүү ѳзгѳчѳлүгү болуп саналат.  Мындай атайын чара айылдык кеңештерде аялдардын ѳкүлчүлүгү 10 пайыздан азды түзгѳн азыркы абалды талдоонун негизинде жергиликтүү кеңештерде аялдардын катышуусун активдештирүү максатында мыйзам менен киргизилген.

Ошол мыйзамдын негизинде азыркы шайлоолордо аялдар үчүн округдарда 2943 мандат резервге алынган, ал жерде 5383 аял талапкерлер кѳрсѳтүлгѳн.

Облустар боюнча айылдык кеңештерге талапкерлдерди кѳрсѳтүү жѳнүндѳ маалыматтар:

Облустардын аталышы

Округ-дардын саны

Мандат-

тардын саны

Аялдар үчүн резервделген мандаттар

Талапкерлер-дин саны

Аял талап-керлер

Бошогон 1 мандатка талап-керлердин саны

Баары:

1376

7560

2943

19140

5383

 

Чүй облусу

288

1598

639

4284 ( а.и. . с/п- 45)

1315

2,7

Жалал-Абад облусу

254

1352

520

3661

980

2,7

Баткен облусу

121

577

231

1633

396

2,8

Талас  облусу

88

544

206

1216

323

2,2

Нарын облусу

121

789

300

1707 ( а.и.  с/п - 18)

504

2,2

Ысык-Кѳл облусу

166

959

366

2059

611

2,1

Ош облусу  

338

1741

681

4580

1254

2,6

Айылдык кеңештерге талапкерлерди каттоо – 22-мартка чейин, андан кийин үгүт жүргүзүү мезгили башталат.

КР  БШК маалымат бѳлүмү