Бишкек жана Ош шаарларынын айрым шайлоо участкаларынын схемаларына жана чектерине өзгөртүүлөр киргизилди

12 марта 2021

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы 2021-жылдын 12-мартындагы жыйынында Бишкек жана Ош шаарларындагы айрым шайлоо участкаларынын схемаларына жана чектерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө чечим кабыл алды:

Бишкек шаары боюнча:

  • Техникалык катадан улам, эки №1344, №1345 шайлоо участкаларынын схемаларына жана чек араларына өзгөртүүлөр киргизилди.
  • Эки турак үй №1345 УШКнын чек арасынан чыгарылып, №1344 УШКнын чегине киргизилди.

 Ош шаары боюнча:

  • Ден-соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдар үчүн максималдуу ыңгайлуулуктарды түзүү максатында, №5284 УШКнын чегинен бир №18 үй чыгарылып, №5286 УШКнын чегине киргизилген, ошондой эле жаңы турак үйлөрдүн пайдаланууга берилгендигине байланыштуу Ош шаарынын Анар кичи районундагы 4 турак үй (№15г, 17б, 1б, №19) ушул УШКнын чегине киргизилген.
  • Ош шаарындагы 9 УШКдагы шайлоочулардын санынын белгиленген көрсөткүчүнүн ашып кеткендигине байланыштуу (2500), алардын схемаларына жана чектерине өзгөртүү киргизүү сунушталды.
  • 154 үй №5309, №5323, №5558, №5294, №5292 УШКнын чектеринен чыгарылып, №5307, № 5559, №5913, №5293 УШКнын чектерине киргизилди .

Бул өзгөртүүлөр Бишкек жана Ош шаарларынын мэриялары менен макулдашылган.

Чечим БШКнын 2020-жылдын 11-февралындагы №35, 2020-жылдын 20-январындагы №5 токтомдору менен “Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө” КР мыйзамынын 20-беренесинин 1-бөлүгүнүн 3-пунктуна, 7-беренесинин 1-бөлүгүнүн 2-4-5-пункттарына, “Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө” КР мыйзамынын 11-беренесине ылайык бекитилген Бишкек жана Ош шаарларынын мэрияларынын айрым шайлоо участокторунун схемаларына жана чек араларына өзгөртүү киргизүү боюнча кайрылууларынын алкагында, Бишкек жана Ош аймактык шайлоо комиссияларынын чечимдеринин негизинде кабыл алынды.

КР БШК Маалыматтык бөлүмү