Кыргыз Республикасынын БШКсы Баткен облусунун Баткен районунун Ак-Сай айыл өкмөтүнүн башчысын кайрадан шайлоону дайындады

12 марта 2021

2021-жылдын 12-мартында, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы өзүнүн отурумунда, Баткен облусунун Баткен районунун Ак-Сай айыл өкмөтүнүн башчысын кайрадан шайлоону дайындоо жөнүндө жаңы талапкерлерди көрсөтүү менен шайлоону 2021-жылдын 26-мартында 9дан 12ге өткөрүү чечимин кабыл алды. Баткен аймактык шайлоо комиссиясына Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 11-майындагы No244 токтому менен бекитилген санитардык-эпидемиологиялык эрежелерди сактоо менен кайталап шайлоону уюштуру тапшырылды.

КР БШК Маалыматтык бөлүмү