1000ден ашуун адам атайын автобустардын кызматын колдонгон

10 марта 2021

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы Мамлекеттик каттоо кызматы менен биргеликте, Кыргыз Республикасындагы ПРООНдун колдоосу менен, жарандарга атайын маалыматтык автобустардын жардамы менен биометрикалык каттоодон өтүү боюнча кызмат көрсөтөт.

Биометрикалык каттоонун болушу шайлоочулардын тизмесине киргизүү үчүн негиз болуп саналат. Акция 2021-жылдын 11-апрелине белгиленген жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоого жарандардын катышуусун кеңейтүү максатында башталды.

3-марттан баштап атайын автобустар республиканын шаарларын жана айылдарын кыдырып, биометрикалык маалыматтарды тапшыруу, паспортторду алмаштыруу үчүн документтерди берүү, туруктуу жашаган (катталган) жерге каттоодон өтүү жана электрондук цифралык кол тамга алуу боюнча жергиликтүү кызматтарды көрсөтүшүүдө.

Учурда мобилдик топтордун жардамы менен 862 жаран биометрикалык каттоодон өтүштү, 44 жаран паспорт алмаштырууга, 137 жаран каттоосун өзгөртүү үчүн кайрылды. Атайын автобустар 20-мартка чейин иштей берет.

КР БШК Маалымат бөлүмү