Кайыңды шаарында саясий партиялардын өкүлдөрүнө үгүт өнөктүгүнүн инклюзивдүү компоненти жөнүндө айтып беришти

04 марта 2021

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы КРдагы ПРООНдун колдоосу менен саясий партиялар үчүн бүткүл өлкө боюнча өткөрүлүп жаткан семинарлардын алкагында, Кайыңды шаардык кеңешине тизмесин тапшырган саясий партиялардын өкүлдөрү үчүн шайлоо мыйзамдары боюнча окутуу уюштурду.

Партияларга жергиликтүү кеңештердин депутаттарына мыйзамдар тарабынан коюлган талаптар эскертилди. Ошентип, тиешелүү административдик-аймактык бирдиктин жергиликтүү жамаатынын 21 жашка толгон жана кеминде орто жалпы билимге ээ болгон мүчөсү жергиликтүү кеңештин депутаты болуп шайланууга укуктуу. Сот тарабынан аракетке жөндөмсүз деп табылган же соттун мыйзамдуу күчүнө кирген өкүмү менен эркиндигинен ажыратуу жайларында кармалып турган жарандар, соттолгондугу мыйзамда белгиленген тартипте алынып салынбаган адамдар шайланууга укугу жок.

Шаардык кеңештин депутаттыгына талапкерлердин тизмесин каттоо 2021-жылдын 12-мартына чейин, айылдык кеңештин депутаттарына - 2021-жылдын 22-мартына чейин аяктайт.

Талапкерлерге талапкерлердин тизмесин көрсөткөн саясий партиялар (ыйгарым укуктуу өкүл аркылуу) шайлоо фондусун түзүү жөнүндө, саясий партиянын каржы маселелери боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү шайлоо катталган күндөн тартып 5 календардык күндүн ичинде түзүлүшү керектиги жөнүндө айтып беришти. Шайлоо күрөөсү төмөнкүдөй өлчөмдө белгиленет:

• Бишкек жана Ош шаардык кеңештерине - 50 000 сом;

• шаардык кеңештерге - 20 000 сом.

Катышуучуларга https://talapker.shailoo.gov.kg//  сайтында жарыялануучу шайлоо фонддорунун каржылык ачык-айкындуулугу, ачык отчеттуулук жөнүндө айтып беришти.

Борбордук шайлоо комиссиясынын кызматкерлери үгүт өнөктүгүнүн жаңы стандарттары биринчи жолу жергиликтүү кеңештерге шайлоодо колдонула тургандыгын такташты. Маалыматтык материалдар аудио жана видео форматтарында (санариптик маалымат каражаттарында) сурдокотормо котормосун же субтитрди колдонуп, чоңойтулган шрифт менен басылып, окууга жеңил, ошондой эле Брайль шрифти жана (же) атайын шаймандар (тифло каражаттары) аркылуу экраны жеткидей программада тексттик файлдарды үн же тактилдүү сигналдарга айландырган компьютерде жана башка атайын каражаттарда даярдалышы керек.

Ошондой эле, шайлоо талаш-тартыштарын кароонун жол-жобосуна, бардык райондордо түзүлгөн ыкчам жооп кайтаруучу координациялык топтордун ишине көңүл бурулуп, алар аныкталган мыйзам бузууларга жооп бериши керек.

КР БШК Маалымат бөлүмү