БУУӨП жана Япония өкмөтүнүн колдоосу менен БШК жана МКК шайлоочулардын тизмесинин инклюзивдүүлүгүн жогорулатуу боюнча ири өнөктүк өткөрүүдө
04 марта 2021
Маалыматтык автобустардын иши Чүй облусунда жайгашкан Кант шаарында көрсөтүлдү. Автобустар биометрикалык каттоо, паспорт алмаштыруу, туруктуу дарек каттоосу, электрондук санарип ачкычтарын берүү жана алдыдагы жергиликтүү кеңештерге шайлоого байланыштуу маалыматтарды берүү боюнча кызматтарды көрсөтүүнү максат кылышууда. Иш-чарага Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрайымы Нуржан Шайлдабекова, Мамлекеттик каттоо кызматынын төрагасынын орун басары Айнура Туйбаева, Кыргыз Республикасындагы Япониянын элчилигинен Минори Симидзу айым жана БУУӨПтүн Кыргыз Республикасындагы Туруктуу өкүлү Луиза Чемберлен айым катышышты.
БШКнын төрайымы Нуржан Шайлдабекова жолугушууну ачып, төмөнкүлөрдү билдирди: «Шайлоочулардын тизмесине киргизүү биометрикалык каттоонун негизинде жүргүзүлөт, бул добуш берүүнүн ишенимдүүлүгүн камсыз кылууга мүмкүндүк берет, башкача айтканда, бир шайлоочу - бир добуш. Учурда, республикада 1,600,000 жарандын 2004-жылдагы үлгүдөгү паспорттору бар, алардын ичинен 268667 жарандын паспортундагы дареги маалымат бюросундагы учурдагы белгиге дал келбейт. Биздин милдет - добуш берүүгө мүмкүнчүлүк берүү. Ошондуктан, БШК МКК менен биргеликте биометрикадан өтүшүнө шарт түзүү максатында өлкөнүн шаарларына жана айылдарына 11 автобус жөнөттү. Шайлоочулардын тизмесине кирбеген көптөгөн жарандар жашаган конуштарды аныктоо максатында райондук администрациялар менен маршрут иштеп чыктык”.
Шайлоочулар "Тизме" порталындагы тизмеде өздөрүнүн шайлоо участкасын билүү үчүн жөн гана дарегин жана фамилиясын жазып, өздөрүнүн участкалык шайлоо участогун биле алышат. Паспортунда көрсөтүлгөн идентификациялык (ПИН) номери менен 119 номерине SMS жөнөтүп, шайлоо участогунун номери жана дареги жөнүндө маалымат алууга болотАндан соң, МККнын төрагасы Айнура Туйбаева айым төмөнкүлөрдү айтты: «Мамлекеттик каттоо кызматына БУУӨП Япония Өкмөтүнүн жардамы менен 2018-жылы 16 микроавтобус берген. Бүгүнкү күнү акысыз негизде мобилдик бустар карылар үйүндө жашаган жарандарга, УАС ардагерлерине, ошондой эле жетим балдарга жана балдар үйүнүн тарбиялануучуларына барып документ кабыл алууга көмөктөшүшөт. Ушул кеэири масштабдуу кампания өлкөбүздүн жаранына өзүнүн каттоо жана шайлоочулук укуктарын ишке ашырууга жардам берээрин күтүүдөбүз”.
Япониянын элчилигинин Атташеси Минори Симидзу айым катышуучуларга Япониянын элчиси Шигеки Маеда мырзанын атынан кайрылып, кошумчалады: «Япония Өкмөтү 2015-жылдан бери БУУӨП менен биргеликте Кыргыз Республикасында ачык-айкын жана таза шайлоону өткөрүүнү колдоп келет. Тактап айтканда, эки парламенттик шайлоого, эки президенттик шайлоого жана андан кийинки шайлоолорго Япония Өкмөтү негизинен шайлоочуларды каттоо жана идентификациялоо тутумуна керектүү электрондук жабдууларды сатып алууга 11 миллион доллардан ашык каражат бөлүп берди. Бүгүн биз колдогон тутум ар бир шайлоодо натыйжалуу колдонулуп жаткандыгына кубанып турам. Ачык-айкын жана таза шайлоо демократиянын негизи болуп саналат жана Япония Кыргыз Республикасынын демократияны бекемдөө аракеттерин колдоону улантат».
Жыйынтыктап айтканда, БУУӨПтүн Кыргыз Республикасындагы Туруктуу өкүлү Луиз Чемберлен айым төмөнкүлөргө токтолду: «Толугу менен демократиялык шайлоо бүткүл калкты камтыйт, анын ичинде алыскы аймактарда жашаган же башка себептерден улам каттоодон өтүүдө кыйынчылыктары бар элдер. Бул чара менен БУУӨП өлкөнүн кызыкдар тараптардын алыскы жерлерде жайгашкан шайлоочуларга жетүүгө жана алардын каттоодон өтүп, шайлоого натыйжалуу катышууга мүмкүнчүлүгү бар экендигин колдойт. БШКнын, МККнын жана жергиликтүү бийлик органдарынын муну ишке ашыруу үчүн тыгыз кызматташып, шайлоочулардын добуш берүүсүн жеңилдетүү боюнча иш алып барып жаткандыгына биз абдан кубанычтабыз».
Жакында шайлоочуларды автобустар менен мобилдик биометрикалык каттоодон өткөрүү өнөктүгү башталды, анын максаты калкка төмөнкү кызматтарды көрсөтүү, анын ичинде биометрикалык маалыматтарды каттоо, паспортторду алмаштыруу, туруктуу жашаган жерине катталуу, электрондук санарип колтамга алуу. Керектүү шаймандар жана адистер менен жабдылган 11 автобус 2021-жылдын 1-март айынан 20-март айына чейин өлкөнүн 130 шаарларына жана айылдарына барат деп күтүлүүдө.
Жарандар үгүт өнөктүгү жана жергиликтүү кеңештерге шайлоолор жөнүндө Чакыруу борбору аркылуу 1255 телефону аркылуу биле алышат. Автобустардын жадыбалы бул жерде.
